www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат дегендин арабасына түшүп алгандар дайыма эле майкөл, сүткөлдүн үстүндө боло бербейт. Кээде алардын сүтүнө кара коңуз түшүп кетип, кыйла кыжаалат кылары белгилүү. Анын сыңарындай үлкөн бийлик бутактарына башчы болуп отуруп калгандардын кийинки жашоосу мурункудай болушу таптакыр мүмкүн эместигин бул тирүүчүлүктө аңдап калдык го дейм.

Маселен, ЖКнын төрагасына чейин жеткен Чыныбай Турсунбековду да падышалык такты түйшөлтүп, былтыр бир аз копшолуп койду эле балээге калтырды. Мурда жалпаңдап кол куушуруп жүргөндөр кызматтан түшөр замат башкача түргө келишип, баштагыдай саламын түздөп бербей, купшуңдап жиберишти. Топтун чок ортосундагы адамдын заматта бозала болуп калышы бул заманда кеп эмес турбайбы. Көкүрөгүнөн куюлган ырлар эмес, керек болсо маанайы да чөгүп кеткен башында. Антсе да акырындык менен “кан басымын” нормалдаштырып алууга жетишти. Ошентсе да кээде туура кадамдарды жасоого умтулса:- Эй сенин бизнесиң бар экенин эсиңден чыгарба, — ​деген ишааратты жогору жактын билермандары эскертип турушат.

Эми колунан келгендердин баары эле бизнестин арты менен каадалуу адам болушту. Ошолордун ичинде Чыныбай мырза да бар. Бирок, салыкты жашырбай төгүп жатканы боюнча да үн каткан. Болбосо эки колун толгоп туруп миң эселентип айып пулду мойнуна салып коюшаары маалым. Өткөндөгү бир жыйында башкаларга окшоп кош колдоп добуш бербей калысмын дегенине ичи бышкандар да, туура эле кылыптыр дегендер да болгону турмуш чындыгы. Кантсе да учурунда мамлекетти башкарып, салымын кошкон адамга кара ниеттик кылуу жарабайт. Негизи саясаттын казанында бышкан кишинин баскан, турганына коомчулук саресеп салып турат. Демек, ашепке ката кетирүүдөн сактануу зарыл. Муну Чыкебиз жон терисинен сезүүгө дарамети жетет.

Булак: Ачык сөз

Последние новости