www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коңшулардын айдыңында да түркүн маанидеги жаңылыктар жалындап жатканына күбө болуудабыз. Айрыкча казактардын падышасы Нурсултан Назарбаевдин сенатор кызы Дарига тууралуу көңүл сыртында калбаган маалыматтар дембе-дем чыгып жатат. Көрсө бир кездеги чыгарылып кеткен миллиондору Австриядан иликтенип чыгарылыптыр. Арийне, бул жөн каражат эмес, элдин ырыскысы экени маалым.
Маркум Ислам Каримовдун чуулгандуу кызы Гүлнарага тийиштүү миллиарддар да акыры коомчулукка билинген. Учурда аны кайра камоого болгон аракеттер күчөп жатканы маалыматтарга жайнап чыгууда.
Ким билет, эгерде Акаев ушул кезге чейин өлкөнү башкарганда кызы Бермет тигилерден кем калмак эмес деген ой пайда болот. Эмнеси болсо да падышанын кызы болуу деле жыргалдыкка өмүр боюу балкытпайт окшойт. Мезгилинде СССРди колуна чырмап алган Леонид Ильич Брежнев өлгөндөн кийин кызы Галина не деген кордуктарды көрдү? Ошондуктан катуу көппөй, барына топук кылуу кажет турбайбы.
Булак: Ачык сөз