www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев коомчулуктун эсин эңги-деңги кылды. Башкача айтканда, Талас облусунун элинин жашоо-тиричилиги оңолгонун, боюнда бар келиндердин көбөйгөнү менен салыштырып, жаңы теория жаратты. Мындай жыйынтыкка кандай негизде келгенин ким билсин, сыягы, буга дейре Таласта жашаган келиндердин боюнда болбой Мураталиев катуу кыжалат болуп жүргөн окшойт. Анан Марат мырза облуска башчы болуп келип, бажычылар айына 1 миллион 300 миң сом акча берип туралы дегенин көнбөй, коррупция менен күрөшүп, казынага мурда 8-9 миллион эле түшүп келсе, быйыл 24 миллионго чейин чыгарыштыр. Анан аны уккан келиндер жашоо-турмушубуз оңолду дешип четинен төрөй баштаган тура, Бул тажрыйбаны дагы башка облустун жетекчилерине үйрөтүп, тажрыйбасынан бөлүшсө жарашчудай экен. Баарынан дагы мамлекеттин акчасын чогуу кымыралы деп пара сунуштап келгендерге кандай чара көргөнүн айтпай тымпыйганы чатак. Мыйзамда кылмышты жашыруунун өзү чоң кылмыш экенин билет болду бекен?
Айтор, Мураталиев соо эмес.
Булак: "Ачык саясат"