www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин менчик “Апрель” телеканалы аркылуу берген маеги боюнча Турсунбек Акун менен баарлаштык.
-Турсунбек мырза, Алмазбек Атамбаев өпкүсү келгенин өөп, тепкиси келгенин тээп, айтор баарлашуу учурунда көп нерсени айтып салды. Ал Сооронбай Жээнбековду президент кылып жаңылыпмын деп өкүнгөнүн да жашырган жок. Ал орундуу эле сүйлөдүбү же аша чаап да кеттиби?
-Мен Атамбаевдин маегин толугу менен көрдүм. Өкүнүчтүүсү, экс-президент деген статусун эстен чыгарып, бу сапар аябагандай чоң катачылыкка жол берди. Болгондо дагы көп нерсени орой айтып, олдоксон сүйлөдү. Маселен, “Сооронбай Жээнбековго кылмыш ишин козгош керек. Ал көп коротулган каражаттын арты менен президент болгон, ал кылмыш кылды” деген акылга сыйбаган сөздөрдү айтып, президентти кылмышкердей сүрөттөдү.
Ошондой эле анын ар бир сөзүндө элди козутуу, күмөн санатуу, президент тууралуу коомчулукка терс пикир жаратуу аракети байкалып турду. Чынын айтыш керек Атамбаев аша чапкан мезгилде да Сооронбай Жээнбеков көтөрүмдүүлүккө салып, көп жерден ага теңелчү эмес. Бирок, бу сапар Атамбаев абдан аша чапты. Калпыстыкка жол берди. Аялуу жаратты тырмап, элди бөлүп, жарууга далалат кылды. Бабанов тууралуу да акылга сыйбаган нерселерди айтты. Бабановго Сооронбай Жээнбеков эмес, Атамбаев өзү кылмыш ишин козгоп, Он Адырда улут аралык жаңжалды козутту, шайлоодо мезгилинде Назарбаевге чуркап барды деп өзү жамандап, өзү кылмыш ишин козгоду эле го. Ал кылмыш ишин козгосо, неге Сооронбай Жээнбеков акташы керек. Атамбаев бул маеги менен Бабановду акта десем, Сооронбай Жээнбеков актабай койду деп, муну мындай кыл, аны андай кыл деп көрсөтмө бергенин байкабай айтып алды.
-Башында кылмыш ишин козготуп алып, эми Атамбаев неге Бабановго жан тартып калды?
-Азыр Атамбаев жалгыз калганына байланыштуу шайтан менен болсо да достошууга даяр. Ошон үчүн кечээ эле каралап, кылмышкер көрсөтүп жаткан Бабановго жан тартып жатат. Ошондой эле сындап жүргөн Адахан Мадумаровго да ыктаганын байкатып койду. Атамбаев, Бабанов, Мадумаров болуп биригишкени жатат. Ошон үчүн Бабановду мактай баштады. Менин билишимче, Атамбаев Бабановду Бишкекке эмес, Таласка бардырып, элди бийликке каршы тукуруп, акта деген талап койдурат. Митинг уюштуртуп, жолду тостурат. Ошон үчүн Бабанов деген маселени көтөрдү. Адахан Мадумаровдо болсо, акча жок болгону менен тил бар. Чогулган элге анын тилин пайдаланышат. Кыскасы, Атамбаев элди тукуруп, төңкөрүш жасап, Сооронбай Жээнбековду бийликтен аңтарып түшкүсү келип жатат. Ошон үчүн ойго келбеген сөздөрдү айтып, элдин баарын жээрип, жийиркенгендей таасир калтырып жатат.
-Баса, курултайды уюштуруучуларды дагы жээриген, жийиркенгендей сөздөрдү айтты го?
-Атамбаев курултай уюштуруучулардан жийиркенсе, биз андан жийиркендик. Чынында Бекназаровго, Дүйшөбаевге асылды. Алар Атамбаев айткандай адамдар эмес. Бекназаров коомдо Атамбаевден ашса ашкан кем калбаган орду бар адам. Атамбаев жаман десе эле ал жаман болуп калбайт. Дүйшөбаев болсо, Атамбаев менен тааныш болгонго чейин эле өлбөгөндөй оокаты бар адам болчу. Илгери эле Бишкекте квартирасы, машинеси бар болчу. Кыскасы, Атамбаев асылам деп өз абийирин кетирип, биртке кадырын төгүп алды.
Баса, курултайчыларга асылып, алардын кадырына доо кетирген сөздөрдү айткан үчүн “апрель” телеканалын жбуу үчүн тиешелүү тармактарга кайрылып жатабыз. Андай кылбасак, Атамбаев мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген сөздөрдү так ушул каналы менен жарыялап, элдин тынчтыгын бузуп жатат.
Булак: NazarNews.kg