www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирсалиев "иттей" чайналды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Соцфонддогу былыктарын жик билгизбей жаап туруу үчүн дайындалган Медер Ирсалиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолору-на оңдуу жооп бере албай чайналды. Эл өкүлү Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда пенсияны 10 миң сомго көтөрүү тууралуу айткан убадасын кыйытып, Ирсалиевден "пенсияны качан 10 миң сом кыласыңар" деген маселени кабырга-сынан койду. Медер мырза бул суроосун укмакса-га салып кутулайын деп аракет кылды эле, Зарылбек мырза улам жарга такап "эми нан урсун" деп айттырайынбы, бир убада берип коюңузчу", - деп көөшөрдү. Аргасы кеткен Ирсалиев: "Бюджеттен акча каражаты бөлүнсө, албетте болот, аны карап көрүш керек", - деп жымсалдады. Бир сөз менен айтканда жакын арада президенттин берген убадасы ишке ашпай турганы белгилүү болду.

Булак: "Ачык саясат"  

Последние новости