www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жетекчиси шайлоодон кийин жакшы боло албай жүрөт. Туруп-туруп чочуп ке-кенсип, чөп башылап маселе козгогон болот, же анысы окшошсочу. Айтор, Бакыт мырзага кыйын эле болду.
Мына 13-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында борбордук трибунага чыгып «кадрлар баарын чечет!» деп Сталин айткандай деп маселени олуттуу баштап, «президент бардык жарандар мыйзам алдында бирдей, күнөөлүүлөр келтирилген зыяндын ордун толтурушу керек деп, коррупцияга каршь күрөштү артыкчылыктуу багыт катары жарыялады. Бирок, аткаминерлер эч кимден коркпой, өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен, пара алып жатышат. Мурдатан келаткан 10 пайыз өндүрмөй өнөкөтү жоголгон жок", -деп бакылдап, Сооронбай Жээнбеков корруцпияга каршы күрөштү жүргүзө албай жатат дегенди билдирди.
Минтип атайын сөз алып борбордук трибунага чыгып президенттин короосуна таш ыргьтып, азуу салууга аракет кылып жатканына караганда, кимдир бирөө колтугуна суу буркүп, айдактап койгон көрүнөт. Болбосо мындай эрдик кылып, сын айтпайт эле... Мүйүздүү болом деп кулагынан ажырап калбаса эле болду...
Булак: "Ачык саясат"