www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берип, тарбиялаган агайы К.Даутовду ур-тепкиге алган Медетовдун кылыгы

Ж. Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинде Кыргыз эл жазуучусу, адабий сындын төрөсү, профессор Кадыркул Даутов менен доцент Аскар Медетовдун ортосундагы “ЧП” убакыт өткөн сайын басаңдабай, улам от алып жатат. Буга “ЧПнын” негизги күнөөкөрү болгон А. Медетовдун тарапташтары “Баатырынын” кылыгын Даутовго түртө салып, аны жөн жерден күйүп жаткан каарман көрсөтүүгө жасаган аракеттери себеп болууда. Өткөн жумада “Азия Ньюс” гезитине журналисттик иликтөө жүргүзүлгөн макала жарык көрдү. Эми анда журналист Кыргыз Эл жазуучусу Кадыркул Даутовду өлкөдөгү акыркы “зөөкүр” кылып эле көрсөтүп салыптыр. Андыктан окуянын чыныгы жүзүн ачып, коомчулукка туура маалыматты жеткизип, ким акыркы “зөөкүр” экенин жарыялап көёлу.

Алгач гезитке чыккан макалага токтоло кетейин.

“20-февраль күнү Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасында иштегендер адаттагыдай эле түшкө маал чай коюп, түштөнүп отурушканда кафедранын эшигинен башбаккан профессор Кадыркул Даутов доцент Аскар Медетовго кайрылып, “бери кел!” деп өктөм айтат. А. Медетов “айтчу сөзүңүз болсо ушул жерден, элдин көзүнчө айтыңыз, мен чыкпайм” дейт. К. Даутов көгөрүп көпкө кетпей турат. Профессор А. Садыков “бул чыкпайм деп жатат. Кадыркул, сен аксакал эмессиңби, болду, кой” дейт. Бир аздан кийин К. Даутов өзү менен кыргыз адабияты кафедрасында чогуу иштеген доцент М. Сатыбековду ээрчитип келет. М. Сатыбеков кирип келатканда артынан К. Даутов жулунуп кирип, “мен сени чыккан жериңе киргизем!” деп А. Медетовго ызырынат. А. Медетов “агай, сынды көтөрө албай ушинте бересизби?” дейт. К. Даутов “сени Барпынын арбагы урсун!” деп каргап-шилеп баштайт. А. Медетов “асылып жүрүп Артыкбаевди жебедиңизби?” деп андан ары ачууга алдырышып, катуу айтыша башташат. Профессор А. Садыков “Кадыркул, сен аксакал эмессиңби, кой, болбосо, кафедрадан чыккыла!” дейт. Тирешкен экөө бири-бирине ыкыс берип, коридорго чыгышканда К. Даутов ээ-жаа бербей атырылып келатканда М. Сатыбеков арачалай ортого түшпөсө эмне болот эле? Ошол жерден бири өлүп, бири калмак да… Бирок, токтоо А. Медетовдун “асылып жүрүп Артыкбаевди жебедиңизби?” деген сөзүнүн артында көп сыр бар экен…” Булак “Азия Ньюс” гезити.

20-февраль күнү аталган университеттин филология факультетинин мугалимдери, анда билим алып жаткан студенттер көргөн көздөрүнө ишене албай турган окуя болгон. Кыргыз адабиятында өз орду бар профессор Кадыркул Даутов туалеттен кайтып келатса, Аскар Медетов туалетке бараткан болот. Даутовду көргөндө өзүнчө эле шыбыранып, аны сөгүп туалетке кирип кетет. Даутов табиятынан сабырдуу киши да. Медетовдун бул кылыгына таң калып, бул мени неге сөгүп жатканын билейин деп күтүп турат. Медетов чыкканда "Сага эмне болду? Эмне үчүн сөгүп жатасың?" деп сураса, тигил шыбыранып, Манас таануу жана дүйнөлүк адабияттар кафедрасына кирип кетет. Даутов эч нерсеге түшүнө бербей, аркасынан барып, кафедранын эшигин ачып “Бери чыксаң сүйлөшөлү” деп кол менен жаңсап коридорго чакырып, өзү коридордо чыгат болуш керек деп күтөт. Медетов өзүнөн жашы да, даражасы да улуу кишини тоготпогонсуп, кафедрадагы мугалимдер менен чай ичип олтурат. Бир топ убакыт өткөндөн кийин Даутов кафедрага кирип “Жүрчү, экөөбүз коридордо сүйлөшөлү” деп Медетовду чакырат. Аны менен кошо М. Сатыбеков да кошо кирет. Гезитте жазгандай аны Даутов ээрчитип келген эмес. А. Медетов “айтчу сөзүңүз болсо ушул жерден, элдин көзүнчө айтыңыз, мен чыкпайм” деп айта да албаган. Профессор А. Садыковдун оозунан “Бул чыкпайм деп жатат. Кадыркул, сен аксакал эмессиңби, болду, кой” деген сөз чыккан да эмес. Сатыбековду алдына салып алып “мен сени чыккан жериңе киргизем!” деп 78 жашка келген Даутовдун жулунганын элестете бергиле. Бул акылга сыйбаган нерсе эмеспи.

Окуянын кызыгы коридорго чыкканда башталып жатпайбы. Медетовду актагысы келгендер жазгандай экөөсү сөгүшүп эле тим болсо, бул окуя мынчалык күчөбөйт болчу. Медетов терегектегилерди көзгө илбей, Даутовду “Асылып жүрүп Артыкбаевди жедиң! Сенин балаң наркоман!..” деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, жакалап, ошол эле жерден ур-тепкиге алып, жанындагы бош кабинетке сүйрөйт. Медетовдун тепкен катуу соккуларын арачы болгон Сатыбеков тосуп калбаганда, андай соккунун баары Даутовго тийгенде азыр профессордун абалы кандай болмок бир Кудай билет. Медетовдун бул “зөөкүрчүлүгүн” ошол жердеги мугалимдер, студенттердин баары көрүшкөн. Көрсө, Медетов ошол күнү “жинди суудан” серп этип, өзүн “Баатыр” сезип жүргөн экен. Муну ошол жердеги студенттер, мугалимдер түшүнүк каттарында жазып көрсөтүшкөн. Медетов соо болгон болсо, 80 жашка чыгайын деп калган аксакалды жакадан алып, элдин көзүнчө сүдүрөп, ур-тепкиге алмак беле?!

Медетовдун албууттанганын көргөн студенттер факультеттин деканы Бакыт Жайлообаевге чуркашып, “Коридордо агайлар мушташып жатат” деп айтып барышат. Жайлообаев деканаттан келсе, Медетов кафедранын төрүндө олтуруп алып, оозуна алы жетпей, ар кайсыны сүйлөп жаткан болот. Жайлообаев да анын мас экенине күбө болгон. Окуу жайдын юристи Р. Токтоналиев да Даутовдун денесин көрүп “көк-ала болгуча сабаган турбайбы” деп таң калган.

Таяк жеп, көк-ала болгон Даутов баласы менен кызын телефон аркылуу чакырып, алар да окуя болгон жерге жетип келген. Бирок, сабырдуу Даутов “Сенин балаң наркоман!” деп албууттанган Медетовго баласынын колун тийгиздирген эмес. “Наркоман” деген атка конуп жаткан баласы Медетовго ошол эле жерден “устуканын” берип салмак да. Даутовдун уулу “наркоман” экенин Медетов кайдан билет? Же чогуу “наркоман” болуп жүргөнбү?

Күзөт кызматы ошол замат милицияны чакырып, Медетовду сыртка чыгарбоого аракет жасайт. Чакырылган милиция эки жарым саат дегенде келген. Ал убакта өзүн “Баатыр” көрсөткөн Медетов башка эшик менен чыгып кетүүгө үлгүрөт. Милиция, күзөт кызматы, мугалимдер, студенттер аны издеп таппай калышкан. Милиция окуяга күбө болгондордон түшүнүк кат жаздырып алган. Эгер Медетов ак жеринен эле күйүп жаткан болсо, эмне үчүн милиция келгиче күтүп турбастан, башка эшик аркылуу жашырынып качып кетет? Бул суроого ага жан тарткандар неге жооп издебейт?

Медетов кимге кол көтөрүп, тепкилегенин деле аңдабай калса керек. Кыргыздын “Ичкен кудугуна түкүргөн акмак”, “Бөрү баласы ит болбойт” деген асыл кептери бар. Медетов өзү тепкилеген Даутовдон сабак алып, профессор анын агайы болгонун, анын арты менен азыркы деңгээлге жеткенин танабы? Же болбосо буга чейин 2–3 жолу иштен айдалганы калганда Кадыркул Даутов сактап калганын унутканбы?

Медетовду актаган макалада “Ал эми кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакыт Жайлообаев чырдуу окуяны калыс карап, чырдашкан тараптарга бирдей мамиле жасап, арыз-муңун угуп, адилет чечим чыгаруунун ордуна “сүттөн ак” деп К. Даутовду жактап, колдоп, А. Медетовду каралоо кампаниясын уюштуруп, жогорудагы окуяга катышпаган, сырттан байкап турган Г. Телибаева, Н. Турдубаева, А. Табалдиева сыяктууларга түшүнүк кат жаздыртып, күнөөнүн баарын А. Медетовго оодарып, ректорго рапорт жазган. Ал эми окуяга түздөн-түз катышкан профессор А. Садыков, доценттер Н. Сыдыков, Ж. Бейшеева, Р. Исакова, М. Сатыбеков, лаборант Р. Асановалардын пикирин сураган эмес, алардын пикири менен эсептешүүдөн баш тарткан. Б. Жайлообаевге өзүнө ылайыктуу, анын сөзүн сүйлөй турган күбөлөр керек болгон” деп аны камырдан кыл сууругандай сууруп чыккысы келет. Окуяга түздөн-түз катышкан деп атаган профессор А. Садыков, доценттер Н. Сыдыков, Ж. Бейшеев, Р. Исакова, М. Сатыбеков, лаборант Р. Асановалар түшүнүк кат жазып берүүдөн өздөрү баш тартып “Биз окуяны көрбөсөк, окуя корридордо болуп жатса, биз кафедрада олтурган болсок эмнени жазып беребиз” дешкен. Андыктан алардан түшүнүк кат албай койгон деген да карандай калп маалымат.

Көк-ала болуп ур-тепкиге калган Кадыркул Даутов милицияга арыз, түшүнүк кат жазып, экспертизадан өткөн. Ишти Биринчи Май районунун РИИБинин тергөөчүсү Таалайбеков Бекжан карап жатат. Бул иш кандай өңүттө каралып жатканы өзүнчө тема болмокчу.

Азыр студенттер “мас болуп жүргөн агай бизге кайсыл билимди берет” деп ректорго чейин кайрылып жүрүшөт. Медетов жалгыз гана улуттук университетте иштебестен, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде дагы иштейт экен. Эми ал жакта дагы “жинди суу” менен сугарылып алып, түрктөргө “Баатыр” болуп, бүтүндөй кыргызга шек келтирбесе экен.

Азырынча Медетовдун өзүнө билим берип тарбиялаган агайы Даутовго чоң муштум экенин көрсөткөн окуянын гана анык чоо-жайын жарыялап жатабыз. Кийинки макалада окуянын жабырлануучусу Даутовдун, декан Жайлообаевдин пикирлерин беребиз. Бир тараптуу иликтөө жүрбөш үчүн Аскар Медетовдун да үнүн укканга даярбыз. Ал дагы келип өз чындыгын айтам десе эшик ачык.

Темирлан Токтоболотов, "Жаңы ОРДО"

Последние новости