www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы шайланган ажо Садыр Жапаровдун 28-январдагы инаугурациясы соцтармактарда талкуута алынды. Мурунку коррупциялык режимди эңсегендер жаңы башкаруу системасын дагы деле тааныбай тургандыктарын, шайлоонун эртеси күнү өздөрүн оппозиция санаган күчтөр, 30 жылдан бери мамлекетти сүлүк курттай соргон «жепутаттар», чиновниктер жана кай бир НПОшниктер, булар тапшырык берген фейк, троллдор интернет баракчаларда отурушуп, эптеп эле Садыр Жапаровду болушунча жамандашып, бут тосуп келишет. Эми айласы кетип, инаугурациядан дагы кыр издешип, «жолдорду тосуп, элге ыңгайсыздык жаратып, пенсионерлер пенсиясын ала албай жатса, 10-15 миллион сом коротуп өткөзөт экен» деп ызы-чуу кылганга аракет жасашты.

Ажобуз булар жумурткадан кыр издей электе эле «экономикабыз очорулуп турса, мага мындай ысырабы көп шаан-шөкөттүн кереги жок, жупуну эле өткөзөлү» деди. Мурунку президенттердин канча каражат кетирип инаугурация өткөргөнүн деле билишет. Бул жерде «калп эле ысырап кылып өткөзгөнү жатат» демиштин артында 30 жылдан бери ичип-жешип, майкаңдап келгендерин кусчудай болуп турушат да. Он чактыдайы «адам укугун коргоп жүрөбүз» дешип, а чынында мамлекеттин калыптануусуна шек жаратышып, мамлекетти олку-солку кылган саясатка баш-оту менен аралашып, НПОнун атына жамынып алгандар балээнин баарын даана, так эле билип жатышат. Эртеңден баштап демократия демократиясы менен, бирок жоопкерчилик андан дагы катуу болоорун сезишип, ажобуз Садыр Жапаров эптеп эле бир жерден чалынса, анан айгайлап реформасына бут тосушуп, иштетпөөнүн амалын кылышат.

Эми ажобуз элдин 80 пайыз ишенимин алгандан кийин бүгүнтөн баштап такка бекем отуруп, мыйзамдын диктатурасын орнотушу керек. Ким ишиндеби, көчөдөбү, интернеттеги фейк, троллдор болобу, мыйзам бузса жоопкерчиликке тартып, экинчи мыйзам бузууга барбагыдай кылыш керек.

Антпесеңиз, «өлкөгө реформа жасап, кризистен алып чыгам» дегениңиз куру бекер сөз. Көрүп жатасыз го, 30 жыл ичинде эч кандай жоопкерчилик жок, ар ким оозуна келгенин сүйлөп калганын. Сизде дух бар, коркпой реформаңызды батыл жасап баштаңыз. Сиз корко турган эч нерсе жок. Элиңиз карт бланшты колуңузга берген. Ошон үчүн «тиги оппозиционер, бул НПОшник эмне дейт?» деп кылчактабай, жасачу реформаңызды, ишиңизди эми баштаңыз!

Булак: Азия News гезити

Последние новости