www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул калетсиз экенин сезүүгө анчалык акылдын кереги тийбейт. Анткени буга чейин шайлоону өткөрүү боюнча кемчиликтер оркойуп эле көрүнүп турган. Тилекке каршы бийликке келгендер өздөрүнө ыңгайлуу мыйзамдарды киргизүүгө гана аракетин жасап келишкен. Ошондуктан ушул кезге чейин шайлоонун жүрүшүнө макул эместер пайда болгону жөн жерден эмес. Чынында эле бармак басты, көз кыстыга кеңири жол берилип, уткан партиялар сыртта калып келгени дайыма белгиленип жүрөт. Бирок, андан майнап чыккан жок.
Үч күн мурда экс-спикерлердин келерки шайлоого карата оңдоо, толуктоолору балким жанданып кетээри мүмкүн экенин Ишенбай Кадырбеков билдирип өттү. Антсе да бул ирет да күлгө чапкан өпкөдөй болуп калышпас бекен деген күмөн саноолор болору маалым. Эгерде эле азыркы бийлик моюн толгоп койсо кайра эле “демилге” кагазда былк этпей жатып калары айныксыз. Айрыкча Адахан Мадумаров тараптан болгон толуктоолорго, түзөтүүлөргө анчалык маани берилбей калышы ыктымал. Ким эле өзүнөн күчтүүнү бийиктетип жибергиси келсин? Айтор, бүдөмүк ойлордон чыгалбай турган учурубузду моюндоого туура келүүдө. Эгерде келерки шайлоону жаңы толуктоолор, оңдоолор аркылуу өткөрүүгө жетишсек элдин көзү, анан көкүрөгү ачылмак.
Булак: Ачык сөз