www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акырындык менен коңулга кирип кеткен партияларга жан кире баштады. Баягыл эле Куловдун “Ар Намысы”, Байсаловдун “Айкөл эли”, Исаковдун “Акыйкаты”, Сыдыковдун “Жаңы Кыргызстаны” былк эте элек.Чамасы былк этүүгө тырп этер акыбалы деле жок десек эдиреңдей албаса керек. Анткени булардын ордуна жаштар тереңдеп кирүүгө аракетин жасаган кези.
Негедир жаңы бийлик келгенге үмүтү жана баштадыбы, же кудасы Искендер Гаипкулов дем бердиби, айтор Мелис Мырзакматовдун партиясы кыймыл-аракетке келгени боюнча чыпалактай кабар тарады. Болгондо да катчылыгын мындан ары карай Клара Сооронкулова катырат деген жаңылык теребелге төгүлдү. А эмне үчүн бул партия ишти баштоого акылуу болгонунун себеби бирөө.
Болгону шайлоо аркылуу Мелиске жарык берилеби деген кыял жанданды. Эгерде эле жармакташып, салмакташып жүрүп парламентке келип алса көп маселени артка жандырса болот. Тебилгени, безгени боюнча акыйкат маселе көтөрүп актанууга неге болбосун? Он беш жылга соттолгондор деле боштондукка чыгып алышты го? Эмнеси болсо да капчыгы калыңдар кайрадан реванш алууга белендене баштаганы неден кабар берет? И-ии кырдаалды туура колдоно билсең жеңиш сеники болот деген эле көз караш жаралганы талашсыз. Демек, саргара жортууга туура келет.
Булак: Ачык сөз