www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова “Акыйкатчы Токон Мамытовду кызматтан кетиргиле, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салгыла” деген чакырыкты Фейсбук баракчасына чыгарды.
Анын шилтемеси төмөндө өзгөртүүсүз берилет.
“Сүйүнчү, сүйүнчү, сүйүнчү Жогорку Кеңеш! ОМБУДСМЕН бар экен! ОМБУДСМЕН Токон Мамытов Кыргыз мамлекетинде ОМБУДСМЕНби? Же Батыштан каржыланган НПО, бейөкмөттөрдүн ОМБУДСМЕНиби? Жогорку Кеңеш эмне деген ОМБУДСМЕН шайлагансыңар?! Ал мамлекеттин коопсуздугун, элдин укугун кызыкчылыгын коргобойбу!? Же НПО, бейөкмөттөрдүн укугун, бузукулугун коргойбу? Же Чолпон Жакупова оозуңа май, чучук, казы-карта болсун деп, мактаганына өзүн жоготуп койдубу!? Башкасын айтпаганда, акыркы мезгилдеги окуялар: 1. Кызыл аянтта гей, лесбиянкалардын парады өтүп, Курманжан Датка энебиздин сүрөтүн, дарегин, ыплас сөздөр менен тебелегенге жол берген ОМБУДСМЕН!
2. Кыргыз аялдарын маскаралап, музейде жылаңач аялдар жүрүп, кыргыздын нарк-насили, каада-салты бузулуп, ич кийимдер-трусы, майка ыплас сөздөр менен асылып, жарым айлап турганда нарк бузулуп, тебеленип, Кыргыз айымдарын маскаралаганда үн катпаган ОМБУДСМЕН!
3. “ЭКС” МАКАМДЫ алып, элдин эсебинен мамкоргоого алынып, 100 миң сом элдин эсебинен пенсия алып, каалагандай чардап, "Фонд Отунбаева" деген фондду ачып алып, четтен каржыланып, бейөкмөттөрдүн башында туруп, кеңешчи, жетекчи, колдоочу, коргоочу болгон Отунбаева жалпы кыргыз элин "МЫРКТАР" -деген атка коюп, элди экиге бөлүп мазактаганда, бир ооз унчукпай, пысып, оозуна талкан салып олтурган ОМБУДСМЕН!
4. Баткен чек арасында, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн күрөшүп, чек араны коргойм деп, иш козголуп камалган 4 мекенчил жигит үчүн, экөөсү дагы деле териштирүүдө жаткан жигиттердин тагдырына кызыгып, бир ооз сөз айтпаган, алардын укугун коргоп, мыйзамдуу пикир таратпай, тамаша кылып, элдин көйгөйүн түшүнбөгөн ОМБУДСМЕН! НПОлордун мыйзамсыз ажылдаганын колдоп, мамлекеттин коопсуздугун уруп ойнобой омбудсменге төмөнкүдөй тил бүтүптүр! Тообо, тообо кылдым! Эмне деген тартип! Эмне деген омбудсмен деген кадр! Эмне деген жоопкерчилик! Үн катпай олтуруп, чет өлкөдөн келген, миллиарддаган долларларга, акча каражатына бөкүп, тоюп, кыргыз элин тоготпой, кадырын тебелеп, тепсеп ажылдашып, мамлекеттин башкаруу сиситемасына, бүтүндүгүнө шек келтирип, ички саясатка аралашып жаткан 20-30 га жетпеген ЧЕТ ЭЛДИК АГЕНТТЕРДИН таламын талашкан Токон Мамытов деген ОМБУДСМЕН болумуштун чакырыгына жол болсун!
Ушундай түшпөс хан болуп, жылуу орундан, жылуу орунга жылып, бир жумуш жасабай, ортодо "АКЫЛДУУ КЕҢЕШЧИ" болумуш болуп, ким бийлике келсе колтугуна кирип, өз кызыкчылыгын, жашоосун гүлдөтүп келе жаткан былыткы, саткындардын айынан Кыргызстан 30 жыл бою чайналып, көкүрөгүбүздү көтөрө албай келебиз! ОМБУДСМЕН коомдо болуп жаткан чет өлкөлүк агенттердин жасап жаткан ишин көрбөй, укпай жаткан болсо, карапайым эл, коомчулук көрүп турат. ОМБУДСМЕНдин акылы менен эмес, коомчулук өз көз карашы менен мамлекеттин коопсуздугу үчүн ЖКтен "Чет өлкөлүк агенттер, бейөкмөт уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизип, МАМЛЕКЕТТИК КӨЗӨМӨЛ болушун талап кылганга көз карашы жетиштүү. ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ! Жүрөгүңөрдө мекенчил сезимиңер бар болсо, тез арада ЖК демилгечи депутаттардын демилгесин колдоого алып, "ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК АГЕНТ же ТЫҢЧЫ"- деген макамды берип, АЧЫКТЫК, ТАКТЫК, АЙКЫНДУУЛУК, ОТЧЕТТУУЛУК, ЖООПКЕРЧИЛИК жөнүндө беренелерди киргизип, Укук коргоо жана фискалдык органдардын көзөмөлүн күчөтүүгө, мүмкүнчүлүк түзүп беришиңер керек! "КӨР ТАЯГЫН БИР ЖОЛУ АЛДЫРАТ, ЭКИНЧИ ЖОЛУ ӨЗҮ ЭТИЯТ БОЛУП, ТАЯГЫН БЕКЕМ КАРМАП, КАТАЧЫЛЫКТЫ КАЙТАЛАБООГО СЕРГЕК БОЛУП КАЛАТ". Ошол сыяктуу ар бир депутаттын ички туюму, мекенчилдик сезими ойгонуш керек.
2019-жылкы каршы добуш берген депутаттар убагы келгенде кыргыздын душманы деген макамга ээ болгуңар келбесе, аталган мыйзамдын долбооруна жоопкерчилик менен мамиле жасагыла! Мамлекеттин коопсуздугу үчүн кайдыгер болбой, керек болуп, өлкөдө муктаждык жараткан кырдаалды мыйзамдаштырып жаткан мыйзамга көрчүлүк сезимиңер козголбойбу, урматтуу 120 депутат?! Өзүңөр кош колдоп шайлаган омбудсменди тартипке чакыргыла, Жогорку Кеңеш! Жогорку Кеңештин курамында партиялык тизме менен кирип алып, тымызын сулуу чымчык болуп, кара жыландык сапаттары менен түрдүү мыйзамдарды демилгечи болуп киргизип, ар түрдүү ыкмалар менен Батыштын саясатын колдоп, мамлекетти талкалоого салым кошуп жаткан мамлекеттин башкаруу системасына кара жыландай сойлоп кирип, таасир берип олтурган 15-20 га жакын депутаттарды басып өткөн жолун кылдат карап, иретке келтиргиле! Эгерде ушул экинчи жолу көтөрүлгөн мыйзамды колдоп, чечкиндүү кадамга барбасаңар уят! Өз элимдин мекенчилимин, эл өкүлүмүн деп айтпай эле койгула! ЖКтин 6- чакырылышынын депутаттары! Мамлекеттин коопсуздугуна, бүтүндүгүнө эгемендүүлүгүнө шек келтирип, коркунуч жаратууга шарт түзгөнгө себепкер болуп каласыңар! Ойлонгула, ЖК депутаттары! Мамлекеттик көзөмөл менен тартип, талап болуш керек! Эгемендүү мамлекет эмне үчүн НПОлорду мамлекеттик көзөмөлдөөгө болбойт? Эмне үчүн НПОлор мамлекеттин ички саясатына кийлигишип, чуру-чуу салыш керек!? Мамлекеттик көзөмөл күчтүү болмоюн тынчтык болбойт. ОМБУДСМЕН ЧОҢ ЖАҢЫЛЫШТЫК КЕТИРДИ! Саткындарга орун жок!”,-дейт Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова.
Эске сала кетсек, Акыйкатчы Токон Мамытов парламентте коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүү киргизе турган мыйзам долбоорун убактылуу чакыртып алууну сунуш кылган.
Булак: NazarNews.kg