www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда курулуп жаткан кубаттуулугу 100 МВт болгон «Куланак» ГЭСи 2026-жылы ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, ГЭС Нарын шаарынан 40 чакырым батышты карай, Нарын жана Ат-Башы дарыяларынын кошулган жеринен 0,8 чакырым ылдый жагында жайгашат.
ГЭС жыл сайын 450 миллион киловатт-саатка чейинки экологиялык жактан таза электр энергиясын өндүрөрү айтылды.
Учурда ГЭСтин курулушуна 600дөн ашуун куруучу тартылган. Алардын ыңгайлуу жашоосу үчүн керектүү шарттар менен жабдылган вахталык шаарча салынган.