www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын Коргоо министрлиги Индия менен согушууга даяр экендиги тууралуу билдирүүнү X социалдык тармагынандагы баракчасына жарыялады.

Билдирүүдө Пакистан Индиянын айрым аймактарын жок кылуу менен коркуткан. Ошондой эле министрлик ракета учурулган учур тартылган видеону жарыялаган.

«Рахмат сизге, Моди (ред. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди), сиз элибизди бириктирдиңиз. Согуш каалайсызбы? Пакистан даяр! — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелер ушул жылдын 22-апрелинде кескин начарлап кеткен. Бул күнү террорчулар Жамму жана Кашмирдин талаштуу аймагында жай тургундарга жана туристтерге кандуу чабуул жасашкан. Кол салуудан 27 адам каза болгон, алардын 25и Индиянын жарандары. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Kashmir Resistance» террордук тобу өзүнө алган. 

Бул окуядан кийин Индиянын Тышкы иштер министрлиги пакистандык жарандарды өлкөдөн токтоосуз чыгып кетүүнү суранды. Индия бийлиги Пакистанды террорчуларды колдойт деп айыптап, бир катар катаал чараларды көргөн. Тактап айтканда, эки мамлекеттин чек арасындагы Аттары өткөрмө бекети жабылды. Инд дарыясынын суусун бөлүштүрүү боюнча 1960-жылдагы келишим да дароо токтотулган.

Пакистан жарандары үчүн визасыз режим жана мурда берилген бардык визалар жокко чыгарылды. Индиядагы пакистандыктарга 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берилген.

Последние новости