www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бая күнү эле Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы келгенде "пастереллёз" деп айтып кетпедиби. Биздин райондук ветеринар дагы "пастереллёз" деп тастыкттап, документ жүзүндө бизге бүтүмүн берди. Бүгүн таң заардан эле менин биринчи орун басарым менен он ветеринар ошол жакка чыгып кетти. Барып атайын чатыр тигишет. Биз буга чейин бул ылаң чыккан жерди же ошол бирин-экин малды эле дарылап келгенбиз. Бул жолу кеңешип башкача чечтик. Эми ошол өрөөндү жайлап жаткан беш айыл өкмөттө 2455 баш бодо мал бар экен. Ошону жапырт дарылап, элге дагы бир жолу түшүндүрөлү деп жатабыз. Биз муну менен ортодо чагым чыксын деп атайын козутуп жаткандардын кебин укпай, мал доктурлар менен иштеңиздер деп элге түшүндүрөбүз. 2455 башка жетпей калбасын деп, 2800 башка жеткидей ашыгы менен вакцинаны демөөрчүлөрдүн колдоосу менен алып жатабыз. Эреже боюнча бир жолку вакцина жетишсиз экен. Он төрт күн өткөндөн кийин кайра экинчи жолу вакцинация болушу зарыл дешти. Ошондуктан ал жерде атайын күзөт уюштуруп, вакцинация бүткөнчө ал жердеги атайын жабдылган чатырды чечпейбиз.

Негизи жөн-жай учур болгондо дарысына да, ветеринардын кызматына да акча төлөшмөк. Бирок ортодо чагымчылдар чыгып, кытайлардын ишинен ууланып жатат деп саясатташтырганы үчүн биз демөрчү аркылуу дарысын чечип бердик. Ал эми кызмат акысын болсо биздин ветеринар моюнуна алып, аягына чыгарганы жатат. Жалпысынан 55 миң сомдун айланасындагы каражатка дары алынат экен. Бул акча бюджетте каралган эмес. Ошондуктан маселени ушундай чечип жатабыз. Райондун ветеринары ишти уюштуруп, эл менен сүйлөшүп, болгон күчүн жумшап жатат. Азыр саясатты жыйыштырып коюп, малды ылаңдан сактап калуу керек. Жетим балдардан баштап, майыптарга баарына демөөрчү эле издеп келе жатабыз го. Бирөөсүнүн малы даарыланып, дагы биринин малы калып калбасын деп, аябай аракет болуп жатат. Себеби, жанагынча малды тоодон түшүрүп келип, кармап, камдап бериш керек дегендей. "Бул менин менчигим" деп баары эле айтканга көнө бербейт да. Ошондуктан баары бир кылка болсун деп түшүндүрүп жатышат. Кимде ким макул болбой, вакцинацияга каршы чыкса, ветеринар атайын топ менен ошол кишилерге акт түзөт, айып салынат. Билип туруп эле догурунгандар да бар. Өз ыктыяры менен төлөп берет элем дегендерден каражат алына берет. Кээсинин шарты бар, кээсинде шарт жок. Мүмкүнчүлүгү болбосо, төлө деп мажбурлабайт. Мисалы, Кара-Кужурдагылар туура түшүнүп, "бизге келип, дары сайып бериңиздер, төлөп берели" дептир. Негизги милдет - малдын кырылусун алдын алуу зарыл болуп

жеткен маалыматка караганда, ушул ылаң былтыр топоздун мамалагынан чыгыптыр"

Даярдаган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости