www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-мэр Нариман Түлеев дагы бир кылмыш ишинин фигурантына айланганы тууралуу маалымат таратылган. Түлеевге
кылмыш иши Октябрь райондук соту тарабынан козголгон жана ал 2009-жылы алты жер тилкесин менчиктеп алууга
шектелүүдө.

Нариман Түлеев бул тууралуу мындай деди:

"Мен чет өлкөдө эс алып жүргөм, кылмыш иши козголгонун угуп, Кыргызстанга шашылыш кайтканы жатам. Мен Атамбаев
эмесмин, сурактан качпайм. Тергөөчү чакырган күнү сурак берүүгө барам".
Экс-мэр өзүнө тагылган айыптарды четке какты.

"2009-жылы мэр болуп иштегем, мэрдин жер бөлүштүргөнгө ыйгарым укугу жок. Шаардык кеңештин атайын комиссиясы
тарабынан жер бөлүштүрүү жүргүзүлгөн", - деген ал тергөө баарын тыкыр иликтеп, акыйкаттыкка жетээрине ишеним
артаарын жашырган эмес, - дейт Саясат.kg.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости