www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 7-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп, аткаминерлерди «абийирсиз монополисттерди» жоопко тартууга чакырды.

Мамлекет башчынын айтымында, социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы өлкө калкын көбүнчө коммуналдык кызматтар, билим берүү жана медициналык тейлөөнүн баалары тынчсыздандыра турганын көрсөткөн.

Коммуналдык төлөмдөр, анын ичинде жылуулук менен электр жарыгы калктын чыгашасынын көпчүлүк бөлүгүн түзөрүн белгилеген Назарбаев тарифтерди негизсиз жогорулаткан монополисттерди жоопко тартуу керек экенин айтты.

«Эгер тарифтер чыныгы экономикалык эсептерге негизделбестен, жасалма түрдө көтөрүлсө, анда бул ар бир үй-бүлөнүн чыгашасынын көбөйүшүнө алып келет. Бул болсо менин калкка жолдогон кайрылуума каршы келет», — деди Назарбаев. Мамлекет башчы жакында эле калкка кайрылуу жасаган. Анда ал жарандардын байгерчилигине арналганы кабарланган.

«Мамлекеттик органдардын жетекчилерине, өкүлдөрүнө, кайрылуумдун маңызын дале түшүнө электерге түндүрүш керек... Абийирсиз монополисттер жазаланышы керек», — деди Назарбаев.

Өткөн айдын соңунда өлкөнүн Башкы прокуратурасы электр энергиясы менен жылуулукка тарифтер негизсиз жогорулатылып, анын жыйынтыгында тейлөөчү уюм болжол менен 29 миллиард теңге (78 миллион доллардан ашык) киреше тапканын билдирген.

Булак: "centralasian"

Последние новости