www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш активист Кылыч Шанаевдин унаасын жана үйүнүн терезесин талкалап кетишти. Бул тууралуу Кылыч Шанаев NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

--7-ноябрь күнү саат 20:30 дар чамасында  короодо турган машиненин айдоочу тарабындагы терезесин талкалап жана үйдүн терезесин сындырып кетишиптир. Ачык эле терезени талкалап, чабуулга өткөн булар кимдер болду экен? Мен үчүн абдан таң калычтуу. Душманым деле жок. Өчөшкөн деле эч ким жок. Машиненин терезеси жана башкалар жерге кирсин, балдарым өтө коркуп калыптыр. Атайын органдарга арыз менен кайрылдым, - дейт Кылыч Шанаев.

Эске сала кетсек, Кылыч Шанаев буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Бозумчактагы алтын кендеги мүчүлүштүктөрдү ачыкка чыгарып нараазычылыгын билдирген жаш активисттердин бири болсо нече жолу муктаж үй-бүлөөлөргө жардамын берип келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости