www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын New York Times гезити кызматкерлерин Орусиядан чыгарып кетерин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Орусияда аскерлердин аракеттери тууралуу фейк маалыматтар боюнча мыйзам кабыл алынгандан соң, New York Times гезити кызматкерлерин белгисиз мөөнөткө аталган өлкөдөн алып чыгып кетүү чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, Орусия өкмөтү аскерлердин аракеттери тууралуу жалган маалыматтарды тараткандарга 1,5 миллионго чейин айып пул салып, 3 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу тууралуу мыйзам кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости