www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иши боюнча сот отуруму өттү.

Дүйшөмбиев коюлуп жаткан айыпты моюнуна албай турганын айтты.

Телеканалдын күбө катары көрсөтмө берген эфирдик оператору соттук териштирүүгө себеп болгон маалыматтын жарыяланышына Дүйшөмбиевдин тиешеси бар деп айта албай турганын билдирди.

Адвокаттар айыптоого негиз болгон экспертизалык бүтүмгө кол койгон эки экспертти да кийинки отурумга күбө катары чакырууну өтүнүштү. Судья бул өтүнүчтү канааттандырды.

Кийинки отурум 27-июлга белгиленди. Дүйшөмбиев УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

УКМК быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости