www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин кеңеши алтынга эмбарго, Сбербанктын активдерин тоңдуруу жана жаңы экспорттук чектөөлөрдү киргизүүнү камтыган Орусияга каршы санкциялардын жетинчи пакетин бекитти. Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен билдирди.

"Евробиримдиктин мүчөлөрү Кремлге каршы күчөтүлгөн жана кеңейтилген санкцияларыбызды жактырышты... Мен муну кубаттайм", - деп жазат ал.

Санкциялар Европа Биримдигинин расмий журналында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

20-июлда Литванын Евробиримдиктеги туруктуу өкүлү Арнольдас Пранкевичюс Евробиримдик өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөрү тарабынан санкциялар пакетин жактыруу тууралуу айткан. Ал түшүндүргөндөй, пакет 50дөн ашык жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде «саясатчыларга, аскер башчыларына, олигархтарга, үгүтчүлөргө» каршы санкцияларды камтыйт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости