www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Чолпон-Атада өзгөчө саммит болуп өттү – расми түрдө ал «Борбор азиялык жумурияттар жетекчилеринин консультативдик жолугушуусу» деп аталат. XXI кылымдагы достук жана кызматташуу боюнча атайын келишимге да кол коюлду жана анда биринчи орунга – аскерий кызматташуу коюлган. Казакстандын тышкы иштер министрлиги ал тууралуу кагаздарды 14-июлда эле жарыялаган.

Демилге Казакстанга таандык сыяктуу. Нур-Султандан келген маалыматтарга караганда, дүйнөдөгү азыркы башаламандык жана чыңалуу менен байланыштуу, жалпы коопсуздук маселелери өтө курчуган абалда Борбор Азиядагы кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү өтө маанилүү.

Украинага каршы Москва баштаган согуш менен байланыштуу, акыркы мезгилде Орусия менен Казакстан ортосунда да чыңалуу чыкканы белгилүү. Борбор Азиялык жумурияттар ортосунда алгачкы саясий уюм түзүү демилгеси 1994-жылы эле пайда болгон, бирок кийин ал ишти өз колуна Москва алып кеткен жана андан бери 5 жумурияттын тышкы саясаты Орусиянын көзөмөлү алдында жүргүзүлчү. Эми абал өзгөрүшү мүмкүн.

Последние новости