www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы учак "Манас" аба майданына келип конду. Бул учурда аба майдандын күтүү залында көпчүлүк топтолуп калган болчу. Микрофонун көтөргөн журналисттер, камерасын көтөргөн операторлор, спорт күйөрмандары, сүрөөчүлөр... Анткени бул каттам менен биз жогоруда сөз кылып жаткан Азия чемпиону Нурадин Рустамбек уулу баштаган кыргыз спортчулары жана машыктыруучулар учуп келишти, - деп жазып чыкты "Майдан.kg" гезити.

18 жаштагы спортчу Нурадин Рустамбек уулуна кайрылганыбызда ал биринчи эле өзүн колдогон, ийгилигине шериктеш болгон агайларына ыраазычылыгын билдирди.

- Жеңишиңиз менен куттуктайбыз. Спортко кандайча келип калдыңыз эле?

- Биринчиден сиздерге, "Майдан" гезитине чон рахмат. Үй-бүлөдө төрт бир тууганмын, менден улуу эки агам анан бир иним бар. Эки агам тең бокс менен машыгышчу. Анан мени "жүр, сен да бар" деп ээрчитип алышчу. Аларды ээрчип барып жүрүп эле көнүп кеттим. Агаларымдын арты менен спортко биротоло байланып калдым десем да болот.

- Алтын медаль алаарыңызга ишендиңиз беле?

- Биринчи кезекте күчтүү ишеним болушу керек. Таймашка кетээр алдында өзүбүздү психолгиялык жактан даярдап, биз биринчи орунду алабыз, алтын медаль тагынып кайтабыз деп ишенгенбиз. Финалга чыккычакты абдан оор болду. Он күндүн ичинде кыйынчылыктарга туш болдук. Бирок бул жактан ала кеткен ишенимден бир мүнөт да ажыраган жокпуз. Ата-энеме, машыктыруучума, бизди колдоп, сүйөмөлөгөн Камчыбек Кыдыршаевичке абдан чоң рахматымды айтам. Биз барган мелдеш абдан жогорку деңгээлде өттү. Алган медалдарыбыз бир жылдык даярдануубуздун, эмгегибиздин үзүрү болду десем жаңылышпайм. Бул Азия чемпионатындагы экинчи медалым, 2018-жылы Таиландда өткөн чемпионатта 3-орун, коло медаль алгам.

- Атаандаштарыңыз жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

- Төрт мушкер менен бет келиштим. Финалдык таймаш бир аз оорурак болду. Анткени андагы атаандашым Азиянын учурдагы чемпиону болчу. Ал Филиппиндеги чемпионаттыкта 60 кг салмак боюнча чемпионаттыкты алган эле. Бирок кандай болбосун бул сапар ийгилик мен тарапка жылмайды.

- Алдыда кандай пландарыңыз бар?

- 2020-жылы Токиодо болчу олимпиадага даярданабыз.

Нурадиндин машыктыруучуларынын бири Төлөгөн уулу Данияр болсо - экинчиси Сагымбаев Улан. Спортчунун ийгилигинде экөөнүн тең салымы чоң.

Улан Сагымбаев, машыктыруучу:

- Таймаш учурунда эмоциялар болду, мушкерлердин баары абдан сонун даярданып келишиптир. Биздин барган спортчуларыбыздын ичинен Нурадин төрт мелдешке чыкты, калгандары эки атаандашы менен бет келишти. Нурадинден башка эки мушкерибиз: Юсупов Ахмет менен Тургунов Ислам коло медалдын ээси болуп кайтышты.

- Нурадинди машыктыра баштаган кезиңиз эсиңиздеби?

- Клубдун босогосун биринчи жолу сегиз жашында аттаган.

- Ошондо келечекте чемпион болоорун сезгенсизби?

- Жок, кичине кезинде тентек бала болчу, алгач келгенинде көңүл бурган эмесмин. Анткени агалары бокс менен машыгышчу, аларды ээрчип келди, кызыгы тараганча машыгат деп ойлогом. Кийин-кийин гана тырышчаактыгы, өжөрлүгү байкала баштады.

- Азия чемпионатына катуу даярдандыңыздар беле?

- Бир жыл даярдандык. Өзбектер, казактар менен таймаштарды өткөрүп, эки жакка көп чыгып тажрыйба топтодук. Жалпысынан тогуз спортчуну алып бардык, үчөө жогоруда айткандай жеңишке жетишти, калган балдар ар кандай нюанстардан улам бул сапар жеңиштен сырт калышты. Бирок бул акыркы таймаш эмес да. Калган спортчуларыбыздын да жылдызы жана турган учур алдыда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости