www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көптөн бери рак оорусу менен күрөшүп келген Татарстандын 30 жаштагы тургуну Айгүл Фазыйлова көз жумду. Бул тууралуу Инстаграмм социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Айгүл өзүнүн айыкпас оорусу тууралуу билгенден кийин жалгыз баласын асырап ала турган үй-бүлө издей баштаган. Айгүлдүн апасы да бир нече жыл мурда рак оорусунан каза болгон. Өгөй атасы апасы көз жумгандан кийин аны баласы менен көчөгө чыгарып жиберген. Аларды улгайган аял үйүнө жашаганга киргизип алган. 
2014-жылы Айгүлдөн сүт безинин рагы табылган. Анын социалдык тармакта өзүнүн колдоо тобу болгон. Ал жерден дарыланууга кете турган каражаттарды колдонуучулардан жардам сурап кайрылып турчу. Социалдык тармакта анын жашоосуна миңдеген адамдар кызыккан. 

Ошондой эле оорукчан эне орусиялык “Прямой эфир” программасына катышып, баласынын кийинки жашоосуна кыжалат болуп жатканын билдирген. 
Татарстандын балдар акыйкатчысы Гузель Удачина маегинде  билдиргендей, жаш энеге жашоочу жайы төлөнүп, кайрымдуулук фонду баласынын бала бакчага баруусуна  акча төлөп берген жана 1-класска даярдоо курсун төлөө маселеси чечилген.  

Жалгыз эне жакында эле абалынын начарлап кеткенин өзүнүн Инстаграмм баракчасына жазып чыккан. 
“Кутман кеч, менин алтындарым!!! Көптөн бери силер менен байланышпаганыма кечирим сурайм. Жазганга алым жок. Мен азыркы абалым начар экенин сиздерге айтып коеюн деп баракчама кирдим”, -деп пост жазып чыккан. Көп өтпөй Айгүл комага түшүп калган. 

Маалымат боюнча Айгүлдү энесинин жанына коюшат. Ал эми баласын аталаш байкеси асырап алууну чечкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости