www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УӨ бийликке келгенден кийин Нурлан Мотуев саясатка тыгыз киришип, ошондогу УӨ алдыңкы сабында турган Роза Отунбаеваны массондор уюмунун тизмесинде экенин ачыктап жазып сүргүнгө айдалган. Так ошол Нурлан Мотуев өзүнүн социалдык баракчасына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кара дуба окуганын ачыктап жазды.
Кыргызга миң жылда бир келген кырсык мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жөнүндө дагы бир жолу...
“Акыркы 15 жылда кыргыздын мыкты чыгаандарын же иштетпей, же мүмкүнчүлүк бербей, түрмөгө тыкчуларын тыгып, коркутуп качырчуусун качырып, же өзүнүн колунан эчтемке келбей кашаны чалган АШАнын өз улуту ким?-деген мыйзам ченемдүү суроо туулбай койбойт экен. Кыргызга мынчалык душмандыкты акыркы 70 жылда эч ким кылган эместир. Жадакалса, улуттук сепаратисттик кылмыштары үчүн соттолуп кеткен өзбектер буга таң калышчу. Сөзүм кургак болбош үчүн далилдери менен жаза кетейин. Өзүм 7 жыл колония-поселение алып араң жүрсөм, АШАнын буйругу, соттордун ошол кездеги “кудайчиги” Манас Арабаевдин үйрөтүүсү менен мени 1 жыл түрмөгө айдатып ийишет. Баягы “Сынган кылыч” китебиндеги аксылыктар Коконго жүрүш жасаарда карабашыл эрди курман чалгандай, мени жаңы Президент С.Жээнбековдун инагуруациясы күнү соттошуп, ырымдагансып 1 жыл түрмөгө деген чечим чыгартышат. Эми, ызы-чуулуу шайлоо жаңы бүтүп, баш-аягын жыйнай албай аткан С.Шариповичтин мен жөнүндө кабары деле жок болсо керек. Булардын кожоюну чөө Атамбаев болсо, менин колдоочум асмандагы Аллах экенин эстеринен чыгарышат. “Аллахтын динин даңктайм” деп түрмө мөөнөтүн алып атсам, анан Аллах мени жардамсыз таштап коймок беле? Мени ошентип, Молдовановкадагы 27-түрмөгө, 100 террорист олтурган жабык камера тибиндеги түрмөнүн ичиндеги түрмөгө алып барышат. Баягы, диний эксперт К. Маликов айткан “кыргызский” Гуантанамого 1-декабрь 2017-жылы барган күнү Атамбаев менен анын “бандасына” кара дуба окуп баштадым. Камералаштарыма “жакында, АША менен Соке согушат дубанын таасиринен улам”-дейм. Көбү ишенбей күлүшөт. “Койчу ай, каяктагыны айтпай. Алкаш берки Сокени тактыга алып келсе, экөө неге согушмак эле”-дешет. Мен:”Дуанын күчүн түшүнө элек турбайсыңарбы? Көрөсүңөр али, “тем более азыр дуасы түз ишке ашчу мазлум даражасындамын”-дейм. Айткандай эле, 2 ай өтпөй ТЭЦ жарылат, анан Атамбаевдин бандасынын башына балээлер үйүлө баштайт. Булардын кимиси камалып, кимиси качканын майдалап жазып олтурбайын, аларды баарыңар жакшы билесиңер.
Мен айтайын дегеним, ошол түрмө “крытый” режимде өзбек сепаратизми үчүн 25 жыл алган Шухрат Мирзалимов менен бир камерада 3 ай чогу олтуруп калдым. Эсиңердеби, баякы каргашалуу июнь коогалаңында Базар-Коргондон милиция кызматкери М.Сулаймановдун башын кести деп олтургандын бирөөсү. Ал кылмышты кылдыбы же “сүрмөтопто” жүрүп түшүп калдыбы, ким билет... Бирок, өзү барбалаңдаган ак көңүл, сөзмөр көрүндү. Террорист-экстремисттер үчүн “крытый” режим ачылганча Петровка зонасында 6 жыл “общакта” жүрүптүр. “В общем”, мен өзүм да “блатноймун” да, анан “общаковый” деп тигинин жанына олтургузгандагы кербездери го администрациянын. Баса, ошол Шухрат тирүү күбө, мен биринчи күндөн баштап Атамбаев жана анын командасына 5 маал намаздардан соң кара терс дуа окуп турганыма жана экс менен жаңы Президенттер жакында уруша башташат дегениме. Анан ошол өзбек сепаратисти делген Шухрат айтып атпайбы “Бул Атамбаев деген кыргыз эмес. Кыргыз болсо кыргызга мынча жамандык жасамак эмес”-деп. Кээде зериккенде саясатты талдап калчубуз да экөөбүз. Аныңар дулдуңдайм деп менден 2 жолу таяк жеп да кала жаздаган. Бирок, табияты түзүк эле жигит болчу. Эми-и, мен Атамбаевден сурайын дегем:”Деги, улутуң ким? Кыргызсыңбы? А кыргыз болсоң неге анда “именно” кыргыздар өз өлкөсүндө начар жашашат жана мындай жашоодон тажаган миллиондон ашуун кыргыз тентип кетти. Жер-кендерди Канада, кытай жана башка тили буруулар иштетип, байлыгыбыздын үзүрүн көрүүдө. Президент болуп турганыңда неге мамменчикке алып койбодуң? Муну ачык айтабыз деп биз патриоттор түрмө мөөнөтүн алдык. Эми, өзүң аылп келген жаңы Президентти тынч койбойсуңбу? Дайыма эле өлкөгө ызы-чуу салып, кан көксөгөнүңдү качан тыясың? Сенин ишиң эзели оңолбойт Атамбаев! Анткени, диний себептер менен түшкөндөрдүн баарын террорист деп “крытый” режимге тыкканды сен баштадың. Алардын шарттарын өмүр бою кесилгендердики менен теңдеп койгонуңдан, алар сени жана сенин системаңды каргап-шилеп отурушат. Анын баары террорист эмес, арасында дубасы жоопсуз калбаган аалым-корилери да бар. Менин эле кара дуаларым өзүңдүн бандаңа канча кырсык алып келди. Эми, алардыкын эсептей бер.
Постскриптум: Башында, аксылыктарды Коконду алабыз деп баштап чыккан Нүзүп-бий карабашыл жигит Ашырдын башын алып, ритуал кылган дебедимби. Ашырдын мазлум ата-энесинин каргышы тийип, 5 жыл айланбай Нүзүптүн башын өзү хан көтөргөн Шераалы кестирет. Жана да Нүзүп илдирип койгон айтылуу чокойду алдырып ыргытат, деп билдирген Нурлан Мотуев.
Булак: NazarNews.kg