www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Матраимовдордун чет мамлекеттердеги бизнесин тапкан жок. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси ММКларга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик Бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдордун мүлкүн текшерүү аяктап калды.

“Биз текшерүүнү февралдын башында баштаганбыз. Тажрыйбалуу кызматкерлерден турган топ түзүп, чет жакка сурак жөнөтүү менен бир топ материалдар колго тийди. Тергөөнүн өзүнүн мөөнөтү бар. Мен үчүн да бул принцип. Келерки жумада жыйынтыгын жарыялайбыз”, - деп айтты Бакир Таиров.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы белгилегендей, мурунку аткаминердин мүлкүн  текшерүүдө эч кандай басым, жолтоолук болгон эмес. Финполдо иштеген Райымбек Матраимовдун агасы Исламбек Матраимовду дароо кызматтан четтетишкен.

“Исламбек Матраимов алгач мөөнөтсүз өргүү алып, анан жумуштан биротоло кеткен”, - деп айтты Таиров.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Матраимовдордун чет жердеги байлыгы табылган эмес. Бакыт Таиров кайсы мамлекеттерге жана канча өлкөгө сурак жөнөтүлгөнүн айткан жок.

Журналист Эльнура Алканованын Матраимовдордун байлыгы канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендиги тууралуу суроосунан кийин, Президент тин тапшырмасы менен Финпол Матраимовдордун мүлкүн текшерүүнү баштаган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости