www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын Невада штатында электрондук тамеки өспүрүмдүн оозунда жарылып кеткен. Бул тууралуу NBC News маалымат порталы кабарлайт.

17 жаштагы Остин Адамс чылым чегүүнү таштоого аракет кылып жаткан. Анын энеси баласына, чылым тарткысы келип кыйналганда, жардам болсун деп электрондук аппарат алып берген. Жаш жигит алгач ирет электрондук чылымды оозуна салганда, ал жарылып кеткен.

“Остин үйгө оозун жапкан бойдон чуркап кирди, ал нес болгон абалда эле”, -деп эскерет апасы.

Апасы Бертон тез арада ооруканага жеткирип, ал жерде балага  керектүү жардам көрсөтүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Остиндин жаагы жабыркап, күйүп калуу менен бир нече тиши түшүп калган. Абалы азыр жакшы болгону менен ал мындан кийин тамекини биротоло тыштарын айтууда.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости