www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оо, бул экөөнүн махабаты абдан таттуу. Кээде эле көрө албастар туз-мурчунан сээп, даамын бузуп эле койбосо. Сүйүү ушундай болобу же экөөнүн жылдызы төп келишпейби, айтор, урушканы да бат, жарашканы да бат. Урушуп кеткенде, бири-бирин сен көр, мен көргө чейин барып, бир нече күндөн кийин эле жетелешип калганына таң бересиң.

Бир кезде “Мен Нурланды байлыгы үчүн сүйгөн эмесмин. Аны менен сүйлөшүп жүргөндө, эч нерсеси жок болчу” деген Асел чый-пыйы чыгып жүрүп, чындап сүйөөрүн далилдеди окшойт. Нурлан ага “Таттуу махабатым” деп обон созуп, клипке да тарта салды. Бул көпчүлүктүн көңүлүн бурбай койгон жок.

Ошентип сен көр, мен көр болуп жүрүшүп баш кошушту. Баш кошушса да жөн той бербей; жаштардын тили менен айтканда «зыңк» той берди.

Мурун орусча жакшы билбеген Нукен үйлөнгөн соң, инстаграм баракчасынан русский постторду жаадыра баштады. Муну күйөрмандар Асел жазып берип жатат деп талкуулашууда. Кантсе да, эки жашка бакыт каалайлы.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости