www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРК каналынан "Ак шоола" телесериалы көргөзүлө баштаганына аз убакыт өтпөй ал сериалга болгон сындар байма бай айтылып келүүдө. Коомчулуктун көпчүлүгү "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр" аттуу жакшы тартылган сериалдарга да караандабай калыптыр десе, дагы бири "Ак шоола" деген телесериалдын кандай тарбиялык мааниси бар экенин түшүндүрүп берчүлөр барбы? Бүт эле бузукулук, ойноштук экен... Кандай максатта көрсөтүп жатат? деп суроо салгандар.

"Ак шоола" сериалынын дагы бир кемчилиги катарында сериалдагы окуялардын кеч өрчүшүн, актерлор каармандардын образдарын элге жеткиликтүү аткарып бере албаганын айтышууда.

Бирок сериал интернетке жүктөлгөнү аз убакыт өтпөй көрүүчүлөрдүн саны 1 миллиондон ашкан.  

Бул тууралуу сериалдын башкы каарманын ойногон ырчы Самара Каримова интернет баракчаларынын биринен «Ак шоола сериалыбыз ютубда рекорд койду.Урааа» — деп кубанычы менен бөлүшкөн.

Белгилей кетсек, аталган сериал КТРКдан 15-октябрдан тарта көрсөтүлө баштаган. Ал эми ютубка 22-октябрдан баштап жүктөлө баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости