www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Нурлан мырза, Баткендеги чек ара чатагында жараат алган жоокерлерден кабар алып келген турбайсызбы. Алардын абалы кандай экен?
- Ооба, кечээ губернатор менен чогуу барып, Сүйүнбек уулу Бекмурза менен Жалилов Зулумбектен кабар алдык. Бири амнезия болуп, жакшы эстей албай жатыптыр. Ошондой акыбалда дагы «сакайып чыксак кайра Баткенге барып, кызматыбызды улантабыз» деп айтышты.
Бул толкундаткан, жүрөктү кубанткан көрүнүш. Биз ушундай мекенчил жигиттерибиди сыйлап, барктабасак, анан кимди баркташыбыз керек? Ошон үчүн мен аларды сыйлоо боюнча сунуш киргиздим.
Бул сунуш Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо табат деп ойлойм. Медиктер аларды учакка салып бул жакка жөнөгөндө бирөөсүнүн абалы начарлап, кайра артка кайтканга аргасы болушкан. Кайра реанимацияга жаткырып, абалы турукташкандан кийин эртеси учуп келишкен. Бул дагы дарыгерлер тарабынан жасалган чоң каармандык деп эсептейм. Ошон үчүн алардын эмгегин да белгилеп коюш керек.
- Бул окуя бир көйгөйдү, Баткендин өзүндө да оор абалдагы аскер кызматкерлерин дарылай ала турган медициналык борбордун зарылдыгын да ачыктап турган жокпу?
- Туура. Ал жерде тажрыйбасы мол, күчтүү адистерден турган медиктердин бригадасы болуш керек. Бул өкмөттүн деңгээлинде карала турган маселе. Акырындап министрлер кабинетинин алдына ошондой маселени коёбуз.
- Сиз Баткен боюнча көп эле көйгөйлүү маселелерди коюп жүрөсүз. Алар канчалык деңгээлде чечилип жатат?
- Бир тобу чечилип жатат. Мисалы, Чарбак жолун алсак болот. Бирок, чечиле электери да көп. Курулушу башталып, бүтпөй калган мектептер бар. Эртең ар кандай маселелер каралган учурда «акча каралган дейсиңер, ал качан бөлүнөт?» деп айтайын деп жатам. Себеби, кадам акча бөлүнгөндөн кийин башталат да.
Булак: Азия News гезити