www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы өлкөнүн президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо үчүн добуш беришти. Трампты “бийликти кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айыпташууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. 
Маалыматка ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгы партиялык белги боюнча бөлүндү: партиялык көпчүлүктү түзүшкөн демократтар импичментке макул болушса, республикачылар каршы чыгышты. Палата өкүлдөрүнүн добуш берүүсүнөн кийин иш америкалык лидердин үстүнөн соттук териштирүү жүргүзүү үчүн сенатка өткөрүлөт.
Трампты бийликтен четтетүүгө сенаторлордун үчтөн эки бөлүгүнүн добушу жетет.

Белгилей кетсек, сенаттагы көпчүлүктү Трампка импичмент жарыялоого кызыктар болбогон Республикалык партиянын өкүлдөрү түзөт.  Ал эми демократтар конгресс тарабынан Украинага жөнөтүлүүчү аскердик жардамды Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийден оппененти Джо Байдендин үстүнөн иликтөө жүргүзүү шарты менен бергендиги үчүн күнөөлөшүүдө. Трамп бул айыптоону четке кагып, Украинанын президентинен коррупцияга каршы күрөшүүнү талап кылгандыгын гана айткан.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости