www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канада мамлекетинде жашы улгайган адам нан уурдоо боюнча соттолуп калат. Соттун жүрүшүндө ал улгайган киши күнөөсүн мойнуна алып, “Ооба, мен өтө ачка калганмын, аргасыз ушул ишке бардым” дейт.

Эми сот эмне дейт? Кызыгы дал ушул жерде болуп жатат.

“Сиз канткен күндө да уурулук кылдыңыз. Мыйзам боюнча 10 доллар айып пул төлөйсүз. Бирок, менин билишимче сиз ал акчаны төлөөгө мүмкүнчүлүгүңүз жок. Ошондуктан ал айып пулду мен төлөйүн” – деп чөнтөгүнөн 10 доллар алып чыгып, мамлекеттин бюджетине төлөп берет.

Мындан соң ал сот жыйынындагы залдагыларга кайрылып: “Бул акскакал шаарда ачка калганы үчүн силер, баарыңар жооп беришиңер керек! Баарыңар кылмышкер болуп саналасаңар. Тез айып пулуңарды төлөгүлө!” деген өкүмүнөн соң андагылар уялышып, “кылмыштарын” мойнуна алышып, ал аксакал кишиге 480 доллар чогултуп беришкен.

Демократия ушулбу? Же Америка десе эле же сөзсүз жылаңач чечинүү керекпи?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости