www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракалпакстандын Төрткөл райондук соту окуучусунун чекесине «акмак» деп жазуу аракети маалында анын бетине залал келтирген тарых мугалими Бекмамат Нурметовду айыппул төлөөгө милдеттендирди. Окуя аталган райондогу №5 мектеп-интернатында болгон.

Окуучуларынын билдиргенине караганда, тарых мугалими мындай жазаны бардык окуучуларга карата колдонуп келген. «Кичинекей эле тартип бузуу үчүн ал окуучулардын чекесине «акмак» деген сыяктуу кемсинткен сөздөрдү жазат. Сабак маалында классташым жукпаган калемсап менен партаны чийип койгон. Бул үчүн мугалим аны уруп, чекесине бир нерсе деп жазууга аракет кылып жатып бетин тытып салды», — деп билдирди окуучулардын бири.

Мектеп-интернаттын тарбиячысы Зульфия Мавлонованын айтымында, сот бул ишти окуучунун ата-энеси арыз менен кайрылгандан кийин карай баштаган. "Сот Бекмамат Нурметовду айыппул төлөөгө милдеттендирди. Бирок ал дале биздин мектепте иштеп жатат. Окуучуларга карата мурдагыдай жазаларын колдонуусун улантууда», — деди ал.

Райондук соттун өкүмүнө ылайык, Бекмамат Нурметов 344 480 сум (40 АКШ доллары) өлчөмүндө айып пул төлөшү керек.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости