www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен айыл чарба продукциясын экспорттоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда өлкөнүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды.

Өлкөнүн айыл чарба тармагындагы абал, күзгү талаа жумуштарынын жүрүшү, айыл чарба продукциясын экспорттоо маселелери талкууланды.

Министр Нурбек Мурашев бул жылы айрым айыл чарба продукциясынын, тактап айтканда картошканын баасы былтыркыга караганда төмөн болуп, килограммы 5-7 сомдон сатылып жатканын маалымдады. 2017-жылы картошканын баасы 8-10 сом болгон.

«Рыноктун анализи жүргүзүлгөн, жылына октябрь айында башка айларга караганда картошкага болгон баа төмөнүрөөк. Ноябрдын ортосунан баштап, баалар көтөрүлөт деп божомолдоп жатабыз. Учурда картошканы жана башка продукцияны экспорт кылуу боюнча Өзбекстан, Россия, Казакстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдирди Нурбек Мурашев.

Анын айтымында, 2017-жылы картошка 83 миң 200 гектарга айдалган, быйыл 84 миң 500 гектарга айдалды, түшүмдүн жалпы көлөмү 1,5 млн тоннаны түздү, ал эми ички керектөө болсо 800-900 тоннаны түзөт. 600 миң тонна картошка экспортко кетет. Бүгүнкү күндө толук көлөмдө төө буурчак жана пахта буласы экспорттолуп жатат.

Мамлекет башчысы рыноктун баасын алдын ала билүү, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жетишсиз жумушту сынга алды жана айыл чарба продукциясын экспорттоо кайра иштетүү менен биргеликте дыйкандардын эмгегин колдоого жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган эң маанилүү чаралардын бири экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн агрардык тармагынын продукциясын экспорт кылуу Айыл чарба министрлигинин ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болушу керектигин дагы бир жолу белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү жөнүндө Жарлыгынын алкагында айыл жергесинде кайра иштетүүчү ишканаларды куруу тармагына инвестицияларды тартуу — актуалдуу экенин эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости