www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Омбудсмен жаңы төрөлгөн наристелерге турак-жай берди

РФ Президентинин алдындагы Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Анна Кузнецовага Кыргыз Республикасынын жараны кайрылып, эки кичинекей баласы менен турмуштун оор кырдаалына кабылганын, балдары менен жашап турганга убактылуу турак-жай менен камсыз кылууну суранган.

РФ Балдар Омбудсменинин басма сөз кызматы маалымдагандай, аял Россияга кош бойлуу кезинде күйөөсү менен чогуу келген, көп өтпөй күйөөсү аялын колунда акча-тыйыны жок, ижарага алган бөлмөгө калтырып, мекенине кетет. Ноябрь айында аял эгиз кыз төрөйт, бир ай боло элек жатып балдардын дене табы көтөрүлүп, алар москвалык клиниканыны бирине жеткирилет. Ошол эле учурда үй ээси аялга ижарага бөлмө берүүдөн баш тартат. Балдар ара төрөлгөндүктөн, учурда Кыргызстанга учуп кетүү коркунучту жараткан. Ал эми башка бөлмө алууга акча каражаты болбогондуктан, балдар омбудсменине жардам сурап кайрылган.

Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кайрымдуулук фонддун бирине кайрылган. Азыр ал жакта жаш эне эки кичинекей кызы менен маселе чечилгенче убактылуу баш паанек кылып жатат. Балдар омбудсмени Анна Кузнецова Кыргызстан менен түзүлүп, аракеттеги меморандумдун алкагында мындан ары колдоо көрсөтүү боюнча бул үй-бүлө тууралуу маалыматты Кыргызстандын Акыйкатчысына берди.

Последние новости