www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ – Токойдогу албарсты менен 2 саат алышып...

-Мындан үч жыл мурда ойго келгис окуяга күбө болгон элем. Эмесе кеп башынан болсун. Мен негизи эле адамдын оюна келбеген окуялар тууралуу маалыматтарга анча ишенчү эмесмин. Ал күнү досторум менен чер жазганы шаардын четинде жайгашкан токойго баргам. Бир маалда табияттын кооздугуна суктанып досторумдан бир аз бөлүнүп эмнегедир жалгыз сейилдегим келди. Ошондо бир досум: -Алик өзүңө сак болсоң, кокусунан токойдун ээси кармап албасын,-деди тамашалап каткырып.

-Каяктагы жомокту айтпачы. Биз азыр кайсы заманда жашап жатканыбызды билбейсиңби?-деп ээленип басып кеттим. Токойду аралап тигилерден бир топ эле алыстап кеткенимди сезбей калыптырмын. Бир маалда эмнегедир уйкум келгендей абалда болуп эсинегенде көзүм жумула түштү. Ошондо кулагыма кимдир бирөөлөрдүн кыткылыктаган үндөрү угулганда чочуп кетип көзүмдү ачтым. Айланамды карасам кадимкидей өзгөрө түшүптүр. Келген жолумду таппай адашып калганымды байкадым. Мен турган жерден 50 метрдей аралыкта жайгашкан көлдүн жээгинен 20га жакын бейтааныш адам колдорун булгалап мени чакырып жатышканын көрүп, өзүмө келе албай коркуп турган ордумда катып калдым. Алар мени көздөй басышканда артка бурулуп качканга аракет кылсам буттарым таптакыр кыймылга келбегендиктен үнүмдү болушунча чыгарып: -Жардам бергиле! Мени өлтүргөнү жатышат!- деп жанталашып кыйкыра баштадым. Бул учурда жанагы адамдар мага жакындап калышкан эле. Эми аман калбай калдым го деп муундарым титиреп эс-учумду жоготуп көмкөрөмдөн куладым. Андан кийинкиси эч эсимде жок... -Эми өзүнө келе баштады, дагы бир аз жата турсун,-деген кулакка-тааныш үндү укканда гана башымды жогору көтөрдүм. Досторумдун баарысы мени тегеректеп турган экен.

-Сенин көзүңө көрүмчү көрүнгөн окшойт. Бир сааттан ашык убакытта араң өзүңө келдиң,-деди баягы досум. Алардын айтуусуна караганда мен токойду аралап кеткен бойдон кайра келбегениме эки сааттай убакыт болгон экен. А мага болсо ашып кетсе 20 мүнөттөй эле сезилген. Досторума кандай окуяга күбө болгонумду айтып берсем бирөөсү дагы таптакыр ишенбеди. Бала кезимде чоң атамдан катар аалам (параллелдүү дүйнө) болот деп уккан жайы бар эле. Балким мен катар ааламда жашаган адамдарды көрсөм керек. Эмнеси болсо да бул кереметтүү окуя эч эсимден кетпей койду.

А. САГЫМБАЕВ, Бишкек шаары

Булак: “Шамбала”

Последние новости