www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө акыркы жолу электр энергиясына болгон тарифтер 2014-жылы өзгөргөн. Ошол жылдары кабыл алынган тарифтер жакын арада өзгөрбөй тургандыгын бүгүн Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

-Электр энергиясына болгон баалар 6 жылдан бери өзгөрө элек, жакынкы арада дагы аны өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынган эмес. Бирок, бул жылдар аралыгында инфляция болду, 2014-жылы доллардын куну канча эле, азыркы күндө доллардын баасы канча? Негизинен, тарифтер инфляциянын көлөмүнө жараша өзгөрүшү керек. Анткени менен өкмөт учурда элдин жашоо деңгээлин эске алуу менен тарифтерди өзгөртпөй турат. Эгерде өкмөт бул жаттаа башка чечим кабыл алса биз мамлекеттик компания катары ал чечимди аткарууга милдеттүүбүз, - дейт Назаров.

Учурда жеке колдонуучулар 1кВт саатка 77 тыйын, 700 кВт ашкандан кийин 2 сом 16 тыйындан төлөшүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости