www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Урдаганга жараша миллиондорду урда!”. Бул мурдагы СССРдин курамына кирген, Орто Азиялык чиновниктердин девизи болуп калды. Мына ошол союз мезгилиндегилер жакшы билет, «Белого солнца пустыни» деген кино тасмадагы таза иштеген таможник Верещагинди.

Вершагиндин мына ушул кадрда айткан сөзүн, азыр да ар бир социолист так кайталап бере алса керек. Ал эми азыр, чыныгы жашоодо ушундай таза иштеген чиновник барбы?

Мына 2020-жыл жаңырбай жатып, орустар жаңы “коррупционерлүү” болушту. Ал тууралуу Твиттерге чыккан маалыматта айтылат. Анда Булавин аттуу (ред.: аты так эмес, белгисиз) орус бажысынын энергетика боюнча орун басары жер төлөсүнө, 18 тонна алтын куймаларын жана 100 млн накталай долларды басып жатыпыр. Муну видеого тартып алган ФСБ кызматкерлери аны Ютубка жүктөп көпчүлүктүн оозун ачырды.

ФСБ кызматкерлери бул роликти интернетке жүктөбөскө аргасы калбай калыптыр. Анткени ал бажы кызматкери учурда өзүнүн ошол “жер төлөө банкын” кайтарып эркиндикте эле жүргөн экен. Албетте айтыш кыйын. Ошентсе дагы айрым такталбаган маалыматтарда, буга Путин кийлигишип, бажы чиновнигинен баардык айыптарды алдырып салган имиш.   

Кризис башынан ашкан Орусияда бул биринчи эле көрүнүш эмес. Анткен менен рекорддук коррупция күч алды. Буга чейин деле чиновниктер миллиарддаган долларларды мүшөк менен эмес, Вагондор менен ташып жатышканы айтылып келген. Атаандаштык 2018-жылы башталган. Анда РФ ИИМинин Захарченко деген полковниги жарым тонна акча (батирлери, баалуу буюумдары жана жеке эсебиндеги каражатты эсептебегенде) менен кармалган. Ал эми 2019-жылы ФСБнын Кирилл Черкалин аттуу ФСБшник полковниктин үйүнөн €1 мил евро, $50 млн доллар жана 15 млн рубль табылган.

Бул орус чиновниктердин коомчулук билип калган гана жактары. Айтылбай, убагында бас-бас болуп калгандары деле толтура. Бизде, Кыргызстанда деле атаандашкан коррупциялык көрүнүштөр аз эмес. Анткен менен рекорддук жактан орустар азырынча биринчиликти эч кимге бере элек. Эң кызыгы учурда КМШ өлкөлөрүндөгү көпчүлүк паракорлор бат эле эркиндикке чыгып кетишет. Ушундан улам эл ичинде, “уурдаган соң көбүрөөк урда, бир пайызын өкмөткө берип кутуласың”, -деген түшүнүк калыптанып бара жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости