www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Күүгүмдө жолуккан азыткы мени арбап алды

-Буга чейин адамды азгырган азыткы тууралуу маалыматтарды тааныштарымдан көп укчу элем. Бирок адардын айткандарына көп ишенчү эмесмин. Качан гана өзүм чыныгы азыткыга жолукканымда тобо келтирдим. Анда аскерден келген кезим эле, Кечкисин досторум менен көчөдө көңүл ачып үйгө жолобой жүрчүмүн. Бир күнү күүгүм кирген маалда үйдө өзүм жаткан бөлмөдө китеп окуп отурсам терезени бирөө черткилеп атымды атап чакырып калды. Сыртты карасам Асылбек деген досум экен. Буюрса бүгүн дагы досторума жолугуп майрамдайт турбаймынбы деп ошол замат үйдөн чыктым. Экөөбүз жолуккандан кийин эле бир-аз сүйлөшүп алып айылдын төмөн жагында жашаган дагы бир досумдун үйүн карай жөнөдүк. Асылбек жолдо баратканда тез-тез басып мага мурдагыдай көп сүйлөбөдү. Аны ээрчип шашып баратып айылдын сыртына чыгып кеткенимди да байкабай калыптырмын. Ошол маалда алдымдан чыккан айылдаш бир байке мени менен учурашкандан кийин тамашалап: -Эмил сен биздин айылдын кыздарын жактырбай кошуна айылга күйөөлөп бара жаткансың го,ээ?-деди далыга таптап. -Байке, кошуна айылы жок эле Асылбек досум экөөбүз өзүбүздүн айылдын төмөн жагында жашаган бир досубуздун үйүнө бара жатканбыз,-дедим күлүмсүрөп. -Калп айтпачы. Айылдын сыртында өзүң жалгыз эле келаткан турбайсыңбы,-дегенде чочуп кетип каптал жагымды карасам Асылбек жок экен. Чын эле өзүбүздүн айылдан узап кошуна айылга кете турган жолдун жарымына жетип калыптырмын. Айылдаш байкеге иштин жайын айтсам ал дагы кадимкидей коркуп: -Жүрү айланайын, эртерээк үйлөрүбүзгө жетели. Сени кудай бир сактаган экен. Эгер мен болбосом... деп сөзүнүн аягына жетпей эле минген атына мени учкаштырып алып чаптырып жөнөдү. Ошентип ал байке мени үйүмө чейин жеткирип койду. Эртеси күнү эле "Керимкулдун баласын азыткы азгырыптыр" деген маалымат айылдын ичине тарады. Көрсө, тиги байке аялына айткан экен. Аялы болсо кошуналарына дегендей. Мына ушул окуядан кийин түнкүсүн көчөгө көп чыкпай калган элем.

Э. ИСМАИЛОВ, Кочкор району

Булак: "Шамбала"

 

 

Последние новости