www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектептин директору менен  анын мурунку эки окуучусу адам өмүрүнө  кол салууга  шектелип кармалды.  Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Москвадагы менчик мектептердин биринде директор болуп эмгектенген 35 жаштагы аял жана анын мурунку эки окуучусу, "Яблоко" партиясынын депутаттар кеңешинин мүчөсү Михаил Хананашвилинин жубайын өлтүрүүгө аракет кылышкан деп шектелүүдө. 9-январь күнү, кылмышка шектүүлөр жабырлануучунун үйүнүн жанынан кармап алып моюн, тулку боюна 6дан кем эмес бычак сайышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан эс-учун жоготкон, бирок өз убагында көрсөтүлгөн жардамдан улам аман калган. Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, мектептин директору Василиса Маслова,  мурун Михаил Хананашвили менен көңүлдөш болуп жүргөн. Ал эми,  депутаттын жубайын,  кызганычтан улам өлтүрүшү мүмкүн деп айтышууда.

Ал эми, депутат Михаил болсо жубайына кол салганды ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатат. 

Себеби, 2018-жылы депутаттын  жубайынын  башына белгисиз жарандар  эки ирет чаап кетишип, баш мээси чайкалган. Бирок бир да кылмышкер табылган эмес.

“Ошондон кийин мен жубайымдын келечеги үчүн чочулап, мурункудай башкалар менен чырдашканды токтотуп, активдүү болбой калдым. Мен Василисанын көңүлдөшү эмесмин, бирок аны билчүмүн. Биздин чогуу баштаган долбоорлорубуз, кызматтык мамилебиз бар болчу", - деген жабырлануучунун күйөөсү. 

Жабырлануучу, азыркы учурда жасалма дем алдыруучу аппаратта, сүйлөй албай жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости