www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Бул укмуштуу окуя азыр деле көз алдыма тартыла берет. Эгер көпкө чейин эстеп туруп алсам ал күнү менде коркуу сезими пайда болуп, ал тургай түнкүсүн тынч уктай албай таң аткыча кыйналып чыгам. Ал кезде кайсы бир гезитте кабарчы болуп иштечү элем. Биздин редакция Совет доорунда курулуп борбор калаанын дал ортосунда жайгашкан эски имараттын ичинде болчу. Кээде иштин кызыкчылыгы үчүн редакцияга түнөп калчумун. Бир күнү биздин редакцияга өзүнүн жумуштары менен келген кыргызчылыгы бар киши босогодон аттаган соң, чыдай албай окшуп сыртка чыга качты. Биз аны оорулуу болсо керек деп ойлоп калдык. Арадан 10 мүнөт өткөндөн кийин баягы киши баарыбызды башкача көз караш менен бир сыйра карап чыгып: -Силердин редакцияны кара жүк басып кетиптир. Тазалатпасаңар ишиңер алдыга жылбайт. Сүрөт деген шайтан болоорун билбейт турбайсыңарбы. Артисттердин сүрөтүн алып салгыла. Бул сүрөттөрдөн терс энергия чыккандыктан мен кыйналып сыртка чыга качпадымбы. Эгер кааласаңар редакцияңарды ысырыктап тазалап берейин,-деди үрөйүбүздү учуруп.

А биз анын айтканына ишенгендиктен дароо эле макул болдук. Ал киши эртеси дагы келе турганын айтып кетип калды. Биздин редакторубуз кыргызчылыгы барларга эмнегедир ишенчү эмес. Ошол үчүн тиги кишини көзү жокто мазактап: -Биздин ишибизди илгерилеткидей ал эмне Кудай бекен?!-деди оозу жөн турбай. Ал күнү иш көп болгондуктан мени редактор редакцияга калтырды. Кечинде коркунучтуу окуяга кабыла тургансып өзүмдү мурдагыдан башкача сезип жаттым. Тиги кишинин айтканын эстей коюп элге белгилүү бир куудулдун сүрөтүн кокусунан тиктеп калдым. Анын сүрөтүн кунүгө эле көрүп жүрчү элем. А бирок бул жолкусунда сүрөт менен эмнегедир бир топко чейин тиктешкенимде куудулдун көздөрү кыймылдап кеткендей сезилди. А мен келме келтирип ордумдан туруп үйүмө кеткенге шаша баштадым. Редакциянын светин өчүрүп, сырткы эшигин бекиткен соң узун коридор аркылуу сыртты карай жөнөдүм. Ошондо артымдан каткырган үндөр угула баштады. Карасам көзүмө чала-була көрүнгөн караандар редакциянын тушунда топтошуп турган экен. Биринчи кабатка жанталашып чуркап түшүп вахтада отурган аялга редакциянын ачкычын берип сыртка чыктым. Катуу коркуп калган окшойм. Ал түнү уктай албай көзүмө баягы караандар көрүнүп кыйналып чыктым. Эртеси жумушка келип кечээги болгон окуя тууралуу редакторго айтсам ал дагы жаман түш көрүп кыйналып чыкканын айткан соң, мурунку күнү келип кеткен баягы кишиге аргасыздан редакцияны тазалатмай болду. Анын оюн билгенсип тиги киши да келип калды. Ал редакцияны ысырыктап өзүнүн дагы башка ырым-жырымдарын жасагандан кийин дубалда илинип турган сүрөттөрдү алдырып салды. Мага болсо бир сыйра дем салып берди. Редактор ага колунан келишинче акча берип ыраазы кылып кетирди. Андан кийин чын эле баарыбыздын ишибиз илгерилеп гезитибиздин нускасы көбөйө баштады. Коридордон баягы караандар болсо көзүмө көрүнбөй калды. А бирок ошол караандардын көрүмчүбү, же арбактарбы, айтор кимдер экендиги мен үчүн бүгүнкү күнгө чейин табышмак бойдон калды.

Н. ИСКЕНДЕРОВ, Бишкек шаары

Булак: “Шамбала”

Последние новости