www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралияны байыртадан бери жердеп келаткан эки уруу өкмөттү сотко берди. Алар өкмөттөн 50 миллиард доллар доону өндүрүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу Financial Times гезити жазып чыкты.

Жогорудагы арыз 23 декабрда жазылган. Андагы Бигамбул жана Кума уруулары ар бир уруу үчүн 25 миң доллар өлчөмүндөгү компенсацияны талап кылышууда.

Себеби алардын ата-бабалары жердеп келген Куинслэнд штатынан көчүрүлгөндүгү үчүн аборигендер “экономикалык жана маданий жактан жоготууларга учурашкан. Мына ошол жоготууларды толуктай турган мезгил келгендиги” маалыматта айтылат.

Эскерте кетсек абориген урууларынын сотко кайрылуусу буга чейин да катталып келген. Мисалы, Нунгар уруусу дагы Австралиянын өкмөтүнөн 290 миң доллар компенсация талап кылышкан. Бул сумма региондогу жалпы жаратылыш ресурстарынын баасынан дагы ашык болуп саналат.

Булак:NazarNew.kg

Последние новости