www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясаттан кеттим деп, бирок тымызын бузукулук кылган тышкы күчтөр менен байланышып жүргөн Өмүрбек Бабанов, учурда активдүү аракеттерин баштады. Өзү эл алдына чыгып, “мен саясаттан кеткем, менин тынчымды албагыла!”-деп коюп, командасын бийликке каршы тукуруп жатканын байкаса болот.

Мисалы, анын маалыматтык саясатын көзөмөл кылып жүргөн Мирсулжан Намазалиев деген жигити бар. Ал, “Азаттык” жарыялаган жарымы-жалган бир жактуу маалыматты улам бөлүшүп, элди баш аламандыкка, көчөгө чыгып укуктарын коргоого себеп жараткан чакырууларын активдүү таратууда. “Азаттыктын” иликтөөсүн НТС телеканалы дагы жарыялайбыз деп жатканын эшиттик.

Мындан тышкар Өмүрбек Бабановдун сүрөтүн шайлоо убагында илип алып, али күнгө чейин өчүрө элек фейктери соцсеттерде кыймылдап жатышат. Ишенимдүү булактарга караганда Өмүрбек Бабанов саясаттан кетип калып тынч эле жаткан жок, ал тышкы күчтөр менен ыӊгайлуу учурду күтүп жатат окшойт деп жатабыз. Болбосо, командасын мындай чагымчылдык чакырыктарды кылбагыла деп тыйып коймок да?

Дагы бир жакын адамы, Бабановдун унаа базарынын бир кездеги директору Айбек Баратов ачык эле митингге элди чогултуп баштады. Мунун баары жөн эле дал келүүчүлүк эмес, атайын эле Бабанов уюштуруп жаткандай түр калтырат.

Булак: NazarNew.s.kg

Последние новости