www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбуктагы "Асаба-Кыргыз Туусу" тайпасында кызыктуу бир материал жарык көрдү. Анда, Саймаитини өлтүргөндөр батыштын атайын кызматтары жана сириядагы террордук уюмдар менен тиешеси болгон делет. Түркиянын “Sabah” гезити кытайлык ишкерди кылмышка шектүүлөр 1 миллион 250 миң доллар үчүн өлтүргөндүгүн жазган. Ал эми түрктөрдүн Е24 интернет сайты киллерлер 1 миң долларга жалдангандыгын жазып, шектүүлөр сириядагы Идлиб шаарында согушкан “Аль Нусра” террордук уюмунун мүчөлөрү экендигин маалымдаган. Болжолдуу түрдө кармалгандардын экөө кыргыз жараны деп айтылган.

Алар 2017-2018-жылдары түркияга Сирия аркылуу кирип-чыккан. Аны менен бирге кылмышкерлер сириянын жасалма күбөлүктөрүн (паспорт) жана айдоочу документтерин колдонуп жүрүшкөн – делет түрк басылмасында.

Эми Саймаитинин өлүмүнүн артында батыштын технологдору жана атайын кызматынын өкүлдөрү тургандыгы жана алардын негизги максаты Жээнбековдун бийлигине көлөкө түшүрүп, аны менен өлкөдө башаламандыкты жаратуу болгодугунан шек жок. Себеби, алар региондогу Кытайдын жана Россиянын таасирин басаңдатууну көздөшүп, Кыргызстандын аны менен бирге Орто Азиянын кен байлык жана ресурстарына ээлик кылуунун жолун издешүүдө. Ал эми учурда региондогу эң чабал өлкө Кыргызстан жана эң чабал өлкө катары Кыргызстан бутага алынды.  Ал эми Сириядагы террордук уюмдар Израиль, батыш өлкөлөрү жана Америка тарабынан каржыланып тургандыгы айтылып эле турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости