www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кыргызстан ЕЭБге мүчө болгонуна 4 жыл болду, эмне пайда таптык?

- Биз Бажы биримдигине кирип пайда тапкан жокпуз, тескерисинче утулдук. Мына, 4 жылдан бери ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларын Евросоюздун базарларына чыгара албай жатканыбыз ачуу чындык. Ачыгын айтканда, карапайым дыйкандарга эле кыйын болду. Буга Өкмөт, Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги күнөөлүү. Ачык айтуу керек, Өкмөт дыйкандарга шарт түзүп бере алган жок.

Жөнөкөй эле мисал, коңшу Казакстандын картөшкөлөрүн кымбат баада сатып алабыз, бирок биз аларга бир мүшөк картөшкөбүздү сата албайбыз. Анткени, бизде фитосанитардык лабораториялардын курулуш иштери али бүтө элек, жетишсиз. Мына маселе ушунда болуп жатпайбы. Экинчиден, мыйзамдарды иштеп чыгууда, кабыл алууда чечилбей калган көп маселе бар, -деп депутат "Ачык саясат" гезитине айтып берди.

Последние новости