www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында оор турмуштык кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасы түзүлдү. Демилге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын тапшырмасы менен ишке ашырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Маалыматтар базасы Кыргыз Республикасындагы БУУ Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) техникалык колдоосу менен иштелип чыкты.

Балдарды коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан чараларга карабастан, балдарга карата жасалган кылмыштардын санынын өсүү тенденциясы сакталууда жана балдар жана жаштар тарабынан жасалган кылмыштардын деңгээли жогору бойдон калууда.

Ички жана тышкы миграция мигрант ата-энелер тарабынан туугандарында жана тааныштарында асыроо тууралуу расмий каттоосуз калтырылган балдардын санынын өсүшүндө зор роль ойнойт. Балдар мындай учурларда көбүнесе алардын муктаждыктарын капарга албаган жактар тарабынан зомбулукка жана катаал мамилеге кабылышат.

Жашоо шарты оор балдардын маалыматтар базасын кошумча программалык камсыздоо оор турмуштык кырдаалга кабылган балдарды аныктап, аларга мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер тарабынан өз убагында жана тиешелүү жардам көрсөтүү, аларды жайгаштыруу, алар менен алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү үчүн «Түндүк» электрондук тутуму менен бириктирилет.

Аймактык мамлекеттик органдар кайсы жер болбосун, айыл өкмөттүн деңгээлинде дагы Интернет жеткиликтүү болсо, аныкталган бала тууралуу маалыматты киргизе алышат. Бул мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлинде түрдүү ведомстволордон ар башка башкаруу деңгээлинде алынган маалыматтарды координациялоо жана башкарууну жакшыртат, түрдүү суроолорго талап кылынган чыгымдарды үнөмдөп, эң башкысы зарыл болгон кызматтарды жана жашоо шарты оор балдарга жардам көрсөтүү убактысын кыскартат.

Иштелип чыккан тутум оор турмуштук шарттардын киргизилген жагдайларынын негизинде автоматташтыруу жолу менен оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарды жана алардын үй-бүлөсүн коргоо боюнча Индивидуалдык план долбоорун түзөт. Маалыматтар базасынын иш мүмкүндүктөрүн иштеп чыккан соң аны Чүй облусунун эки районунда пилоттук түрдө киргизүү пландалууда.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости