www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Татыктуу өкмөт мүчөлөрү келдиби же “тактыга” отуруп алып тайтаңдай турган өкмөт мүчөлөрү келиштиби, Жогорку Кеңештин отурум жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри, экономика министри жана өкмөттүн аппарат жетекчиси сыяктуу талапкерлер добушка салынды. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болуп мыйзамга көп көңүл бургусу келишпейт. Мыйзамды мындай койолу мыйзам менен келген өкмөт атка минерлери барыбыз туу туткан Конституцияга да эч көңүл бургусу келишпейт. Аларга мыйзамга көңүл буруп эмне, эптеп жетелеп келген адамдарын Жогорку Кеңеш колдоп берсе болду да.

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16 -декабрындагы референдум Конституцияга өзгөртүүлөр кирген. Баш мыйзамдын 87-беренесинде минтип жазылган: Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштайт. Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди Президент Өкмөт мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындайт. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн баштап Президент 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет.

Ошол эле убакта коюла турган өкмөт мүчөлөрүнө талапкерлер коалициялык көпчүлүктүн жыйынында талкууланышы керек эле. Эмнегедир эмки өкмөт башчысы коалициялык көпчүлүккө караганда президент менен талкуулап кызматка коюп жатат. Конституцияда Өкмөт башчысы Жогорку Кеңешке талапкерди алып келет, ЖКдан өтсө анын чечимин президент жактырып Жарлыкты чыгарбаса, 3 күндөн соң дайындалды деп эсептелет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

«NazarNews»

Последние новости