www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Илгери  союз  мезгилинде  мен балалык куракты өткөрдүм. Анда айылда жай мезгилинде каникулга тараган окуучуларды жакшы эс алдырчу эмес. Тапаа жумуштары, өзгөчө чөп чабык мезгилинде чөп жыйноого бизди чогултуп  алып кетет.  Ал эми жайдын башталышында кой кыркуу кампаниясы башталат.   Ал   жакка   мен   сыяктуу окуучулардын жардамы өтө зарыл, Өзгөчө кыркылган койлордун жүнүн ташыганга, пресстелген    жүндү    машинелерге жүктөгөнгө биз чоң күч, дем берип турабыз. Мен алтынчы класстан баштап эле жыл сайын жайында кыркынга барып иштеп келем. Ал жакта жалгыз эмесмин. Мен сыяктуу мектеп окуучуларынын бардыгы барышат. Бардыгыбыз отуз киши баткандай чоң бөлмөдө чогуу жатабыз. Эрикпейсиң, көңүлдүү.

Ошону менен катар, мектепке формага кийим сатып алганга мүмкүнчүлүк ала аласың ошондон түшкөн акчага. Мен болсо ал жакка жылда барып көнүп калгам. Кыркынчылардын жүнүн ташыйм, тагыраак айтканда, алар кой кыркышат, мен сыяктуу балдар кыркылган койлордун жүнүн терип чогултуп, экинчи жакка алып барып берип жеткирип турушат. Анан ал жерден жүн сорттолот. Сорттолгон жүн болсо пресстелип чоң складдын ичине жыйыла берет. Ал эми жыйылган пресстелген жүндү Токмоктон келген машиналар биринин артынан бири келип, Токмок жүн иштетүү заводуна алып кетип турушат. Биздин совхоздо отуз алты короо кой бар, ошолордун баары кыркылып бүткүчө бир айдай убакыт кетет. Ошол бир айда тытынып иштеп, койлордун бирин да калтырбай кыркып бүтүп, кайрадан жайлоого чыгарып жиберебиз. Кыркындын соңуңда чоң майрам кылып, жакшы иштегендер акчалай сыйлык алып үйлөрүбүзгө кайтып барабыз.

Жайлообуз болсо бизден бир топ эле алыс, ал эми кыркын сарайы болсо тоо арасында жайлоонун четинде. Ошол жакта мен эки жыл жүн ташып эмгектендим. Үчүнчү жылы жайында "сен чоңоюп калдың" деп пресстелген жүндү жыйнаган жакка коюп койду. Тияк жакка караганда ал таза жумуш, болгону пресстелген жүндү ирээти менен чоң караңгы складга тоголотуп барып жыйнайсың, үч-төрт катар кылып. Анан жүн тарткан машиналар Токмоктон келгенде аларга жүктөп салып бересиң. Болгон жумушуң эле ушул. Койлор кыркылып, сорттолуп, анан пресстелгенче күтүп отура бересиң, бош убактың болуп калат. Жүн бир квадрат метр болуп төрт бурчтуу болуп пресстелет. Жыйганга ылайыктуу, аны тоголотуп барганга күчүбүз жетет.

Бир күнү ошол кыркын сарайында жүргөндө эч ким билбеген, көрбөгөн бир окуя болуп кетти. Узундугу жыйырма метрдей келген складдын ичи дайыма пресстелген жүн менен шыкалып жыйылып турат. Терезе жок болгондон кийин ичи капкараңгы, бери жакта электр жарыгы бар, ошону менен иш кылабыз. Ошол пресстелип жыйылган жүндүн арасында тешикчелер көп. Бош убактыбызда келемиштердей болуп ошол тешикчелердин ичине сойлоп кирип кетебиз да бир азга эс алып алабыз. Ал жак капкараңгы, анан салкын болуп турат. Биз пресстерди жыйнап жатканда атайылап жол жасап коёбуз, түпкүр жакка сойлоп өтүп кеткенге. Анан пресстелген жүн бери карай жыйылып келе берет.

Биз ошонун ичине сойлоп кирип кеткенде бизди эч кимиси таба албайт. Бир жагынан караңгы, экинчи жагынан улуу адамдар ал жакка сойлоп кире алышпайт. Бригадирибиз бизди ал жактан чыгара албай эле дайыма урушуп, издеп жүрөт.

Мен дагы ошол тешиктер аркылуу сойлоп кирип кетип түпкүр жактан жатканга ылайыктуу орун таап алган болчумун. Бош убактымда ошол жакка сойлоп кирип кетчүмүн. Бригадирибиз кыйкырганда караңгы тунгуюктан ар кайсы жерде жаткан пресс жүн ташыгычтан жабылып чыга калабыз.

Кыркын кампаниясы соңуна чыгып келаткан болчу. Жайлоодогу чабандар койлорун төмөн карай айдап келип кезекте күтүп турушкан. Адатымча мен бош убактымдан пайдаланып пресстин жылчыгы менен караңгы түпкүргө кирип кеттим. Эң түпкүрүнө барып чоң эс ала турган боштук бар болчу, ошол жакка кирейин десем анын ичинде беш-алты киши отуруптур, болгондо да ак сакалдуу чалдар, ичи капкараңгы болсо дагы алар кадимкидей нурданып көрүнүп турду. Бардыгы аппак кийинип алышыптыр, чачтары, сакалдары да аппак, түстөрү дагы.

-  Коркпо уулум, кел биякка отур, - бирөөсү бурч жакты жаңсап көрсөттү. Денем калтырай, кандайча ошол жакка жылып барып отуруп калганымды билбейм. Денем өлүп, кыймылдай албай, өз денемди өзүм башкара албай калдым. Бойлору биздин белибизден келген кичинекей адамдар экен. Алар бир жерде былк этпей отурушкан боюнча катып турушту. Өздөрүнчө күңгүрөнүп сүйлөшүп жатышты. Кетип калайын десем, денем кыймылдабайт. Былчылдап көл-шал болуп тердеп кеттим, тим эле ал жерде бир сааттан ашык убакыттай отургандай болдум. Кыймылдай албай булардын туткуну болуп калдым. Бир кезде сырт жактан бригадирибиздин кыйкырган үнү угулду.

-  Каныбек кайдасың, чык бери! Ошондо селт этип эсиме келе түштүм. Алиги сөлөкөттөр өзүнөн-өзү жок боло, көздөн кайым болуп кетишти да айлана капкараңгы болуп калды. Ошондо гана денем кыймылга келди. Жанталаша туткундан бошонгондой сыртты көздөй сойлоп жөнөдүм. Арадан бир сааттай убакыт өткөнсүгөн, болгону беш мүнөттөй эле отуруптурмун ал жакта.

Бул сырды эч кимге айткан жокмун, ошондон кийин дегеле түпкүргө сойлоп кирип жашынбай калдым. Көпкө чейин аны унута албай коркуп жүрдүм. Кээде түнкүсүн уктай албай ошону ойлоп, чочулап кыйналчумун. Ошондогу эмне болгон көрүмчүлөр экенине башым жетпейт, ошол караңгы чоң складдын ээсиби деп да ойлоп коём. Менимче бирөө эмес бир канча киши болчу, тагыраак айтканда, алар киши сымал түспөлдөшүп кетет.

Оо андан бери канча жыл өттү, мына мен азыр алтымышка чыктым, союз эбакта чачыраган. Жайлоого кээде эс алганы баратканда, ошол кыркын сарай жакты карап коем. Азыр анын түп орду да жок, болгону цемент фундаментинин эле орду калган. Ошол жерден өтүп баратканда тээ илгерки, бала кездеги окуяны сөзсүз эсиме түшүрөм.

Каныбек МАЛИКОВ, Кочкор району

Булак: "Сырдуу дүйнө"

 

Последние новости