www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Биздин “Акнетте” иштеген айлыгыбызды бербей, Руслан Абдумажитовго байланыштырып мыйзамсыз иштен айдашты. Биз анын адамдары экенбиз”, - деп билдирди бүгүнкү маалымат жыйынында “Акнеттин” мурунку коммерциялык директору Ольга Лаврова.
Анын айтымында, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы “Акнетте” тинтүү иштерин жүргүзүп жатканда, ал ММКларга Абдумажитовдун арызы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын айткан.
“Андан 6 күн өткөндөн кийин, билдирүү бергенимден бир күн мурун жумуштан кеткенимди билдим. Мага айлык төлөп берүүдөн баш тартышты. Абдумажитовдун кишилери дегендей тейде 20 адам жумуштан бошотулду”, - деп билдирди Лаврова.
Бул боюнча арыз жазылган, бирок, эч натыйжа жок. “Сот ар кандай себептер менен жылдырылууда. Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы бизди дайыма суракка чакырып турду. Кийинчерээк, тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө бизге айлыгыбыздын бир аз бөлүгүн төлөп берип, “Акнеттин” жетекчилигине эч кандай дооматыбыз жок деген тил кат жазып берүүбүздү талап кылды. Жыйынтыгында, көбү жазып берди. Андан кийин, биз Аскердик прокуратурага тергөөчүлөрдүн кылыгы боюнча арыз жаздык”,- деп сөзүн жыйынтыктады Лаврова.
Эске салсак, 28-майда “Акнет” ЖЧКнын ишин иликтөөнүн алкагында “Акнет” ЖЧКнын президенти К.Ажумиданов, “Строй сеть” ЖЧКнын башкы директору Е. Боярский жана “Строй сеть” ЖЧКнын бухгалтери Е. Илевалар кармалышкан
Булак:NazarNews.kg