www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орокто дагы чыр чыкты

Сокулук районуна караштуу Орок айылында дагы чыр чыкты. Бул ирет ок атылып, 2 киши жаракат алды.

Акыркы маалыматтарга караганда, кечээ, 29-сентябрда, үйлөнүү тойдон кийин жергиликтүүлөрдүн ортосунда чыр чыккан. Чыр мушташка алып келип, мушташ учурунда бирөө мылтыктан ок чыгарган. Экөөнө ок жаңылып, алар ооруканага жеткирилген.

Эске салсак, бул айылда жергиликтүүлөр ортосунда чыр-чатактар көп катталып келет. 5-июнда, Айт намаздан кийин да жаш балдар уруша кетип, анын натыйжасында чоңдорго чейин чогулуп чоң чыр чыгып кетип, араң басылган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости