www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрь – 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышат. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, ЖЕЭК жыйындары адаттагыдай тар жана кеңири курамда өтөт.

«Бул саммиттин өзгөчөлүгү – анын алкагында Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү дагы катыша турган “Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы” Эл аралык форумун уюштуруу пландалууда”, - деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Ал өткөн жумада Бишкек шаарында “Евразиялык жумалык” ийгиликтүү өткөнүн эске алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости